Бишкек: Бука Бишкектин борборунда аялды кулата сүзгөн, жабырлаанучу ооруканага жаткырылды

Ээсинен качып кеткен бука аялды жана аны кармаганы аракет кылган милиционерди кошо сүзгөн. Жабырлануучу аял ооруканага жеткирилген, милиционер жаракат алган жок.

Патрулдук милициянын басма сөз катчысы Таалай Бугубаев Kloop.kgнин кабарчысына курган маегинде, бука күндүзгү саат бирлерде Киев көчөсүндө аялды сүзүп салганын айтты.

Ошондой эле, ошол эле көчөдө бука аны кармагысы келген Патрулдук милициянын кызматкерин кошо сүзгөн.

Жабырланган аял Бишкектин Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборуна жеткирилген. Патрулдук милициянын кызматкери жабыр тарткан жок.

Бугубаевдин айтымында, окуя болгон жерге келген милициянын кызматкерлери машиналардын бири буканын мойнунда байланган жиптин учун тебейлеп токтогондон кийин Киев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде «буканы кармашкан».

«Кийинчерээк анын ээси табылып, ал буканы базардан «Авангард» курулуш компаниясынын жумушчуларына союуп бериш үчүн алынып келингенин билдирген. Бирок аны түшүрүп жаткан учурда мал жандык жипти жулуп, качып кеткен», — деди ал.

Патрулдук милициянын кызматкерлери бука менен күбөлөрдүн көрсөтмөсүн Биринчи май райондук ИИБне өткөрүп беришти.