Бабановдун тарапташы делген адамдын сабалганы текшерилүүдө

Милиция Бабановдун тарапташы делген адамды башка президенттикке талапкердин катарына өтүү үчүн сабалганы боюнча окуяны териштирүүнү убада кылды.

Ош облусунун ИИБнен Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, Бабановдун тарапташы делип сабалган Дурбек Алимжанов милицияга арыз жазган эмес. Бирок укук коргоо органдары бул окуяны текшерүүдө.

«Ал арыз жазган эмес. Биз азыр текшерүүнү баштап, керектүү материалдарды чогултуудабыз. Ал медициналык мекемелерге жардам сурап кайрылган эмес», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Милициянын маалыматына ылайык, алар Алимжанов жана анын айланасындагылар менен байланыша алышкан эмес.

«Тилекке каршы ал учурда Ошто эмес экен. Телефондору өчүк. Анын бир туугандарын да таба албай жатабыз. Анын телевизордон айтканына караганда ал Бишкекте», — деп маалымадашты басма сөз кызматтан.

Алимжановдун сабалышы

Алимжанов өзү 3-октябрда НТС телеканалынын эфиринде белгисиз адамдар андан башка талапкердин катарына өтүүнү талап кылып, сабап салышканын айтып берген.

«Алар мени Ош шаарынын чекесине алып барып мык сууругуч менен сабап жатышты. Өлтүрүп салабыз деп коркутуп алар мен ыктымал Бабановдон алган 100 миң сомду опузалап жатышты» — деген ал.

Ошондой эле, алар аны камерага Бабановду жамандаганга мажбурлашканын кошумчалаган.

«Алар видеого эгерде Бабанов утпай калса Оштогу башаламандыктарга 25 млн сом бөлдү деген маалыматтар бар деп айтуумду талап кылышты», — деген ал.

Мындан тышкары ал видеодо Алимжанов бул тууралуу өзүнүн досуна айтып жатканын инсценировка кылып ойнотуп коюшканын билдирди. Анын денесиндеги көгала тактарды жашыруу үчүн Алимжановду артынан тартышкан.

Өмүрбек Бабанов — бийликчил президенттик кызматка талапкер Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы.

Үстүбүздөгү жылдын 15-октябрында өтө турган президенттик шайлоого 12 адам ат салышууда.

Сүрөт: НТС


ТЕМА БОЮНЧА: