Сүрөт: Tim Newton Photography

Аляскалык фотограф Тим Ньютон таң эрте үйүнүн босогосуна чыгып сүлөөсүн менен анын жети баласын жолуктурган.

«Жети мышык биздин кире бериште ойноп жатканы жагымдуу көрүнүш болду. Алардын энеси өтө сактык менен фотографты жана анын камерасын кечке карап турду», — деп жазган фотограф фэйсбукта.

Фотограф жапайы жандыктарды чочуткан эмес, алар үйдүн кире беришинде ойноп жүрүп короого жылышкан.

Сүлөөсүн — Мышыктар тукумуна кирүүчү саргыч күрөң түстүү үлпүлдөгөн жүнү бар, териси баалуу жырткыч айбан, ал көлөмү боюнча көптөгөн иттерден чоңураак. Жандыкты Түндүк Америка, Канада, Орусия жана Борбор Азияда кезиктирүүгө болот.

Сүлөөсүн Кызыл китепке кирген жана териси баалуу үчүн жоголуп бара жаткан жапайы жаныбарлардын түрүнө кирет.