Ош шаарынын борбордук аянтында 5-октябрь күнү калаанын 3017 жылдыгы белгиленип, майрамдык салтанаттар менен коштолду.

Шаар күнүндө театралдаштырылган оюн-зоок жана маданият кызматкерлеринин катышуусунда концерт тартууланды. Ошондой эле, Ош шаарында кызмат көрсөткөн мекеме ишканалардын кызматкерлери майрамдык жүрүштөн өтүштү.

«Майрамдык иш-чарага Кыргызстандык булуң-бурчунан гана эмес, Түркия, Орусия, Тажикстандан коноктор келишип, кубанычыбызга шерик болушууда», — деди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев.

Андан тышкары шаар күнүндө «Ош Агро-II» айыл-чарба техникаларынын көргөзмөсү, «Күз берекеси» айыл-чарба продукциясынын жарманкеси да болуп өттү.

«Ош шаарынын 3017 жылдыгына карата жарманке жергиликтүү ишкана-мекемелер, жеке менчик компаниялар өз дыйканчылыктарын коюшкан. Товарлардын сапаты мыкты жана ыңгайлуу баада», — деп билдирди мэриянын бизнес чөйрөнү өнүктүрүү агенттигинин башчысы Тынчтыкбек Камбаров.

Андан тышкары майрамдык иш-чаралар шаардагы эс алуу бактарында уланып, кечинде эстрада ырчыларынын жана фольклордук топтордун катышуусундагы гала концерт менен жыйынтыкталмакчы.

Сүрөт: Гүлжан Эшбаева жана Ош мэриясынын басма сөз кызматы