Ысык-Көл: Айдоочу бир аялды өлтүрө сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен

Ысык-Көл облусунда айдоочу бир аялды өлтүрө сүзгөн. Ал машинасын кырсык болгон жерге таштап, изин жашырган. Бир нече сааттан кийин милиция аны Чолпон-Атадан кармаган.

Патрулдук милициядан билдиришкендей, «Тойота Лэндкрузер» үлгүсүндөгү жолтандабас 5-октябрга караган түнү бир аял жөө кыядан өтүп жаткан учурда өлтүрө сүзгөн. Алган жаракаттарынан улам аял кырсык болгон жерден көз жумган. Окуя Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандын жанында болгон.

Адамды сүзгөндөн кийин айдоочу зым карагайды кошо жулуп, бир нече метр жүрүп барып токтогон. Ал кырсык болгон жерде машинасын калтырып, изин жашырып кеткен.

Бир нече сааттан кийин ал табылган. Милиционерлер аны Чолпон-Атанын аялдамаларынын биринде колго түшүрүшкөн. Аялды сүзгөн адам Чүй облусунун 31 жаштагы тургуну болуп чыкты.

Ал убактылуу кармоочу изоляторго камалды. Тергөө амалдары жүрүүдө.

Сүрөт: «АКИpress»


ТЕМА БОЮНЧА: