Чүй облусунун Лебединовка айлынын №2 мектебинин 7-классынын окуучусу кош бойлуу болуп калган. Баланын атасына каршы кылмыш иши козголуп, ал изделүүдө. 7-класстын окуучусу окуган мектептин директору кызматтан кетти.

Кыздын апасы баланын бөйрөгүн чет өлкөгө алып барып дарылатуу керек деп мектепке арыз менен кайрылган. Администрация кыздын апасына буга керектүү бардык документтерди берген. Бирок кийинчерээк мектептин администрациясы алардын окуучусу кош бойлуу болуп калганына байланыштуу учетко алынганын билдирген.

«Бул тууралуу билим берүү бөлүмүнө билдирилген. Биз барып көрдүк. Чындыгында эле мектептин администрациясы мыйзамга каршы келген документтерди баланын колуна берген», —  деп билдирди Аламүдүн району боюнча билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Мария Узденова.

Билим берүү министрлигин басма сөз кызматынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, өспүрүмдүн апасы кызынын кош бойлуу экенин билгенден кийин мектептен документтерин алып кеткен.

«Окуучу кыз апасы жана өгөй атасы менен жашайт экен. Тергөө амалдары жүрүүдө», — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

Өспүрүм үйдөн билим алууга которулду. Мектепте ал жакшы окуп, сабактарды калтырчу эмес.

Окуучулар менен сүйлөшүп, тарбия иштерин жетишерлик деңгээлде жүргүзбөгөнү үчүн социалдык педагогго сөгүш жарыяланды. Мектептин директору кызматтан кетүү арызын жазды.

Учурда ымыркайдын атасы изделип жатат. Ага каршы кылмыш иши козголду.

Сүрөт: «Азаттык»