Бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын президенттик шайлоосунда добуштардын жарымынан көбүн алган, алдын ала эсептөөлөргө ылайык бюллетендердин 99 пайызы.

Эгерде автоматтык эсептөөлөрдүн жыйынтыктары колго эсептөөлөр же соттук процесстер менен жокко чыгарылбаса эле Жээнбеков Кыргызстандын кийинки президенти болуп калат.

Автоматтык урналардын маалыматтары Жээнбеков шайлоочулардын 54,78% пайызын алганын көрсөтүүдө.

Анын жакынкы атаандашы депутат жана ишкер Өмүрбек Бабанов добуштардын 33,77% алган.

Эгерде сандар өзгөрүүсуз кала турган болсо шайлоонун экинчи туру болбойт.

Бийликчил саясатчылар жана Жээнбековдун штабынын кызматкерлери анын шайлоодогу жеңишин майрамдай башташты.

Шайлоочулардын 56% катталганына караганда, бул президенттик шайлоо Кыргызстандын тарыхында эң эле атаандаштыкка жөндөмдүүсү болду — жеңүүчү эч качан мындай аз добуштарды алган эмес.

Ошого карабастан, Жээнбековдун биринчи эле турдагы жеңиши күтүлбөгөндөй эле болду. Жада калса бийликке лоялдуу социологдордун маалыматтарына ылайык, анын шайлоо алдындагы рейтинги 40% ашкан эмес.

Бирок шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду.

Шайлоонун жыйынтыктарына көбүнчө студенттердин массалык добуш берүүлөрү, ошондой эле, белгисиз адамдардын журналисттер менен добуштарды сатып алуу фатыларын каттого аракет кылган байкоочуларга кол салуулары таасир этиши мүмкүн.

Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын добуш берүү бүткөндөн соң 20 күндөн кийин жарыялашы керек.

98% бюллетень эсептелгенден кийинки алдын ала жыйынтыктар

Жээнбеков — 54,74%

Бабанов — 33,8%

Мадумаров — 6,47%

Боршайком добуш бергендердин акыркы жыйынтыгын чыгарганына байланыштуу биз канча бюлеттень эсептелгенин айта алабыз — 98%.

Жыйынтыктар олуттуу өзгөрүп кетиши мүмкүн эмес. Дагы бир нече эсептөөлөрдөн кийин Жээнбековду Кыргызстандын кийинки президенти деп айта берүүгө болуп калды көрүнөт.

Бирок шайлоонун так жыйынтыктары 20 кундөн соң гана белгилүү болот. Учурдагы белгилүү болгон маалыматтар — автоматтык урналардын жыйынтыктары. Бирок Боршайком добуш берүү бюллетендерин кол менен эсептеп чыгат.

Шайоочулардын- 55,93% добуш берүүгө келген.

Борбордук шайлоо комиссиясы жалпысынан 1 692 423 адам добуш бергенин билдирүүдө.

Саат 21:00гө карата алдын ала жыйынтыктар

Жээнбеков — 54,73%

Бабанов — 33,84%

Мадумаров — 6,47%

Бул 1,64 млн бюллетенди эсептөөдөн кийинки маалымат. Экинчи турдун өтүшү боюнча божомолдор мүнөт сайын жокко чыгууда.

Саат 20:43: Алдын ала жыйынтыктар

Алдын ала жыйынтыктар. Бардык бюллетендер эсептеле элек

Жээнбеков - 845 685 добуш;

Бабанов - 523 301 добуш.

Саат 20:36

Эсептөөлөрдүн биринчи жыйынтыктары: Жээнбеков алдыда

Эсептөөнүн биринчи жыйынтыктары боюнча:

Жээнбеков - 679 512 добуш.

Бабанов - 430 928 добуш.

БШК: Саат 17:00гө карата шайлоочулардын 40,12% добуш берген

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, саат 17:00гө карата шайлоочулардын 40,12% добуш берген. Бул 1,2 млндон ашуун шайлоочу.

Азыркы саатка алынган негизги маалыматтар:

  • Саат 13:00гө карата шайлоочулардын 23,75% өз добуштарын берген.
  • Ошодой эле, президенттикке талапкерлерлердин алдыңкылары Сооронбай Жээнбеков жана Өмүрбек Бабанов добуштарын берген.
  • Мындан тышкары, президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сапар Исаков жана парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков добуштарын беришкен.
  • Башкы атаандаштар бири-бирин чагымдарды даярдоого айыпташууда.
  • Байкоочулар бир нече шайлоо участокторунда мыйзам бузууларды катташкан, ошондой эле, шайоочулардын кол белгилерин идентификация кылууда техникалык мүчүлүштүктөр жаралууда.
  • Байкоочулардын айтымында, катталган мыйзам бузуулар добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир этпейт.