Шайлоо-2017: Бабанов бийликти «административдик ресурс» менен «кара пиарга» айыптады

Президенттик шайлоодон жеңилип калган Өмүрбек Бабанов добуш берүүлөрдүн жыйынтыгын кыйыр түрдө тааныды, бирок өлкөнүн бийлигин ага каршы «административдик ресурс» колдонууга айыптады.

Экинчи орунду алып, шайлоонун эртеси күнү чыгып сүйлөгөн Бабанов журналисттердин шайлоонун жыйынтыгын таануу жөнүндө берген суроолоруна түз жооп берген жок.

«Эл кандай добуш берсе ошондой добуш берди», — деди ал ошол эле учурда өзүнүн жеңилишин талашпай.

Ошондой эле, Бабанов Кыргызстанда шайлоо алгачкы жолу «атаандаштык» менен өткөнүнө баа берди.

Бирок парламентте «Республика-Ата Журт» фракциясын башкарган саясатчы бийлик тарабынан болгон кысымга арызданды.

«Бардык талапкерлерге бирдей шарттар түзүлгөн жок, административдик ресурс колдонулду, күч органдары тартылды», — деп билдирди ал.

Түштүктөгү мыйзам бузуулар

Бабанов анын командасы бардык мыйзам бузууларды чогултуп Боршайкомго арыз тапшыраарын убада кылды.

Утулуп калган талапкердин пикиринде, өлкөнүн аймактарынын ичинен шайлоодон жеңген Сооронбай Жээнбековдун кичи мекени Кара-Кулжа районун кошуп, түштүк аймактарында мыйзам бузуулар көп болгон,

«Кара-Кулжа менен Кара-Суу райондорунда [участокторго] биздин бир дагы байкоочубузду киргизбей коюушкан», — деп арызданды Бабанов.

Мурдараак теледебаттарда Жээнбеков эгерде президент болуп шайланса коррупция менен күрөштү Бабановдон баштайм деп убада кылган. Бабанов Жээнбековдун бул каяша суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстандан «эч жакка кетпесин» айткан.

Экинчи турга бир кадам

Бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда өткөн Кыргызстандын президенттик шайлоосунан жеңишке жеткен.

Автоматтык урналалардын эсептөөлөрүнө ылайык, Жээнбеков 54% ашуун добуш алып, шайлоо алдында дээрлик бардык социологиялык сурамжылоолордун экинчи турдун өтүшү боюнча божомолдорун жокко чыгарды.

Жээнбеков президенттикке аттанууга чейин премьер-министрлик кызматты аркалап турган, ал эми анын талапкерлигин өзүнүн мөөнөтү аяктап жаткан президент Алмазбек Атамбаев ачык эле колдогон.


ТЕМА БОЮНЧА: