Бишкек: Филармониянын жанындагы оңдолгон түшмө өтмөктөн кайра суу тамчылоодо

Чүй менен Манас проспектисинин кесилишинде жаңыдан оңдолгон түшмө өтмөктөн суу тамчылап жатат. Бишкектиктер суунун тамчылашы боюнча түшмө өтмөктүн салтанатту ачылышынан соң 20 күндөн кийин билдиришкен. Мэрия өтмөктү оңдоо үчүн 27 млн сом сарптаган.

Бишкек мэриясынан Kloop.kgнин кабарчысына билдиришкендей, өтмөктүн үстүнөн суу тамчылап жатканын оңдоо иштери подрядчиктин эсебинен жүргүзүлөт.

Бул Филармониянын жанындагы жаңыдан оңдолгон өтмөктүн үстүнөн суу тамчылаган экинчи учур. Биринчи жолу бишкектиктер түшмө өтмөк пайдаланууга берилгенден соң 20 күндөн кийин суу тамчылап жатканы жөнүндө билдиришкен.

Түшмө өтмөк 29-сентябрда салтанатту түрдө ачылган. Бирок биринчи жаан-чачын болгондон кийин анын төбөсүнөн суу тамчылап жатканы байкалган. Анда мэриядан куруучулар асма каркас үчүн гидро коргогучту эсепке албай коюшканын билдиришкен.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов кемчиликтер бир нече күндүн ичинде жокко чыгарылат деп билдирди.

Түшмө өтмөктү реконструкция кылган «Главтехинвест» компаниясы өтмөктүн төбөсүн өз эсебине оңдошу керек болчу.

Оңдоо иштери 2017-жылы жаз айларында башталган, анткени түшмө өтмөк «авариялык абалдын алдында» турган. Куруучулар өтмөктү реконструкция кылууга эки ай убакыт коротушкан.

Өтмөктү оңдоо үчүн 27 млн сом сарпталган.


ТЕМА БОЮНЧА: