Күз келиши менен Жалал-Абаддагы Ооган-Талаа айылынын жашоочулары жаңгак токойлорунда түшүм жыйноо менен алектенишет. Бир айга чейин созулган бул сезон айылдыктардын негизги киреше булактарынын бири болуп эсептелет.

Үч миңдей калк жашаган Ооган-Талаа айылында тургундар сентябрь айынын башында эле жаңгак терүү сезонуна даярдык көрө башташат. Жаңгак сезону бир айга чейин созулгандыктан жашоочулар токойдун арасына чатыр тигип алышат. Ал жерде күндүзү жаңгак терип жыйнашса, түндөсү түшүмдү коруп жатышат.

Айтылуу Арстанбаптын айланасындагы жалпы жаңгак токоюнун аянты 500 гектар аянтты ээлейт. Анын баарын «Ачы» токой кызматы көзөмөлдөйт. Жаңгак бактарын токой чарба элге ижарага өткөрүп берген. Ошондон бери айыл тургундары жаңгактын гектарына жыл сайын 1500 сомдун тегерегинде ижара акы төлөп, түшүмүн пайдаланышып, ага кошумча жаңгак бактарын коруп карап беришет.

Жаңгак сезону быйыл эрте башталганын айтат төрт гектар токойду ижарага алып пайдаланган Хамраз Долдоев. Ал дагы эл катары сезондо чатыр тигип, токойдо жашап атат.

«Адамдар келип, күүп, кийинки жылы жаңгак албай турган кылып бутактарын сындырып жибербеши үчүн эртерээк келип коруйбуз. Быйыл 28-августта чыгып коруй баштадым. 15-сентябрга чейин коруп жатып, анан күүй баштадык», — дейт Долдоев.

Ал эми алган түшүм быйыл орточо болгон. Ушул эле бактардан ал эң жакшы түшүмдү мындан жыйырма жыл мурда алганын айтат. Анда ал 1 тоннага чейин түшүм жыйнаган. Ал эми быйыл 70 түп жаңгак багынан 400 кг алдым дейт дыйкан.

Долдоев жубайы жана эки баласы менен жашайт, эки кызын болсо турмушка узаткан. Ал өз үй-бүлөсү менен жаңгак терип жетише албай жаткандыктан жумушчу жалдап иштетет. Терилген 3 кг жаңгактын 1 килограммын ал жумушчулардын кызмат акысына берет.

«Келип иштеп кеткендер бар. Күйөөсү күүсө, аялы терет. 3 кг терген болсо, 1 кг алар алып кетишет. Күнүнө жок дегенде 1000-1500 сомго чейин иштеп кетишет (10-15 кг)», — дейт Хамраз Долдоев.

Түшүм жыйып-терүү маалында Долдоев уулдарын сабактардан аргасыз алып калып, иштетүүгө мажбур — анткени, өзү жалгыз эч нерсеге жетишпейт.

«Ал эми кенже уулум сабактан кал десең да калбайт. Ал сабакта. Сабактан кийин атайын курстарына барат. Ал сабакка укмуш кызыгат. Чоң уулум болсо биздин шартыбызды туура түшүнүп, жардам берет», — деп айтат Хамраз.

Жергиликтүү мектептин директору Давлет Өмүрзакова күзүндө окуучулардын көпчүлүгү жаңгак жыйноого кетишээрин жашырган жок. Айрымдары окууну улантышканы менен мектептен кийин токойго иштегени кетишет.

«Бизе жаңгактан башка эч нерсе жок. Көп үй-бүлө жаңгак терип сатып, ошону менен кыштан чыгышат. Көбүнчө бизден "бир жумага, эки жумага жооп берип тур" деп жооп сурап келишет. Бирок биз жооп бербейбиз, биз буга уруксат бербесек дагы кээ бир үй-бүлөлөр балдарын аргасыз алып чыгып кетишет», — деп айтып берди ал.

Өмүрзакова жаңгак терүү сезонунда Ооган-Талаада окуучулардын сабактарга катышуусу анчейин деле азайып кетпешин билдирип, болгону 10 пайызды түзөөрүн айтты. Айланасында жаңгак токойлору көп Жалал-Абаддын башка айылдарында бул сезондо мектепке болгону окуучулардын 30 пайызы гана келген учурлар кездешет.

Дыйкандар утурумдук керектөөлөргө деп учурда 1 кг жаңгакты 100 сомдун айланасында сатышат. Ал эми жаңгактын маңызы болсо 350 сомдун тегерегинде кетип жатканын айтышат.

Авторлору: Элмурат Асан, Заир Таирбек уулу жана Адилет Канат уулу


ТЕМА БОЮНЧА: