Талас: Жол кырсыгынан эки адам набыт болуп, экөөсү жабыркады

Талас облусунун Талас районундагы жолдо «Хонда CRV» менен «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү машиналар сүзүшкөн. Жол кырсыгынан эки адам каза болуп, үчөө ооруканага жеткирилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигин маалыматына ылайык, «Хонда CRV» менен «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү машиналар 22-октябрда саат 09:00дө Чоң-Токой жана Арал айылдарынын ортосунда сүзүшүшкөн.

Жол кырсыгынан «Фольксвагена Пассаттын» айдоочусу менен жүргүнчүсү каза болгон. «Фольксвагендин» эки жүргүнчүсү менен «Хонда CRVнын» айдоочусу ар кандай даражадагы оор жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.

Патрулдук милиция жол кырсыгынын себептерин аныктап, керектүү экспертиза дайындалды.


ТЕМА БОЮНЧА: