БШК сегиз участоктун маалыматтарын милицияга өткөрөт

Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодогу бардык участкалардагы добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча отчетторду карап бүттү. БШК сегиз участоктогу добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарды, аларда катталган эреже бузуулардын маалыматтары милицияга өткөрүлүп берилет.

Боршайкомдун басма сөз кызматынан билдиришкендей, бардык участоктордун отчетторун карап чыккандан кийин алардын сегизинде добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары жокко чыгарылган.

БШКнын мүчөлөрү дал келбестиктерди аныкташкан. Анда бюлеттендердин саны добуш бергендердин санынан көп болуп болуп чыккан.

Төмөндөгү участоктордогу добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары жараксыз деп таанылган:

  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №2118 участогу (айрмачылык 577 бюлеттень)
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №2119 участогу (айрымачылык 259 бюллетень)
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №2120 участогу (айрымачылык 126 бюллетень)
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы №2126 участогу (айрыма 85 бюллетень)
  • Чүй облусунун Сокулук районундагы №7269 участогу (айрыма 55 бюллетень)
  • Ош облусунун Кара-Суу районундагы №5180 участогу (айрыма 48 бюллетень)
  • Түркия, Анкара шаарындагы КР ТИМи № 9036 участогу (айрыма 9 бюллетень)
  • Бишкек шаарындагы №1243 участогу (айрыма 2 бюллетень)

Эреже бузууларга жол берген участкалык комиссиялар таркатылып, эреже бузуулар боюнча бардык материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

БШК 18-октябрда кол санак менен добуш берүүлөрдүн жыйынтыктарын эсептеп бүткөн. Мыйзам боюнча добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары кол санактан кийин аныкталат.

Добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча шайлоодо бийликчил Социал-демократтар партиясынан талапкер Сооронбай Жээнбеков шайлоочулардын 54,75% алып жеңишке жеткен. Анын башкы атаандашы Өүрбек Бабанов 33,7% добуш алган. Адахан Мадумаров добуштардын 6,5,% алып үчүнчү орунду ээлеген.


ТЕМА БОЮНЧА: