Жогорку сот: УКМКнын капитаны жоокерди сабаганы үчүн 2 млн сом төлөп берет

Жогорку сот Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин капитанын мамлекеттин пайдасына эки млн сом төлөп берүүнү милдеттендирди. Аны аскер кызматкерин сабоого күнөөлүү деп таанышты.

УКМКнын капитаны Нурлан Аралбаев кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу менен аскер кызматкерин сабоо боюнча күнөөлүү деп табылды.

Соттун чечими боюнча, Аралбаев мамлекеттин пайдасы үчүн эки млн сом штраф төлөп бериши керек.

Бирок Аралбаевдин адвокатынын версиясы боюнча, жабырланган жоокерди эч ким сабаган эмес — аскер өзү офицерге келип, ага биринчи кол салган.

«Ротанын командири коргонууга туура келген. Анын жанында кызматтык тапанча болгон, офицер жоокер андан куралды тартып алышы мүмкүн деп корккон», — деди адвокат.  

Ошондой эле адвокат, жоокер өзүн уставдан тышкары алып жүргөнүн кошумчалады. «Ал башка офицерлерди укпай, корс мамиле кылган», — деди юрист.

Аскер кызматкери сабалган окуя 2016-жылдын январында УКМКнын №64479 аскер бөлүгүндө болгон.

УКМКнын өздүк коопсуздук кызматы жүргүзгөн ички иликтөөнүн жүрүшүндө капитан Аралбаевди жумуштан четтетүү чечими кабыл алынган.