Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Алмазбек Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Буга чейин бул кызматты аркалаган Жеңиш Разаков президенттин кеңешчиси болуп калды.

Курманалиевдин Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалышы боюнча жарлыкка 26-октябрда президент кол койгон.

Буга чейин Курманалиев Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басарлык кызматын аркалаган.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Жеңиш Разаков эми президенттин кеңешчиси кызматына дайындалды.

Разаковдон тышкары Атамбаевдин кеңешчилеринин катарында Мира Карыбаева бар.


ТЕМА БОЮНЧА: