Баткен: Көмүр казган үч адам газга ууланып каза болгон

Баткен облусунун Самаркандек айыл аймаганын көмүр кенинде үч адам каза болгон. Алар өз алдынча көмүр казып жатышып газга улаанышкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, куткаруучулар  27-октябрда саат 02:30да 90 метр тереңдикте каза болгондордун денелерин табышкан. Каза тапкандар 47, 45 жана 30 жаштагы адамдар болгон.

Аталган мекеменин маалыматына ылайык, алар өз алдынча көмүр казып жатышып, газга ууланышкан.

Куткаруучулар көмүр казгандардын сөөктөрүн милиционерлерге өткөрүп беришти. Мурдараак Мамэкотехинспекция өз алдынча көмүр казууга тыюу салып, жада бул үчүн жергиликтүү тургундарга штраф салган.

Иллюстративдик сүрөт.