Журналист кыздын суу кемесиндеги өлүмү: Айыпталуучу денени бычып салганын мойнуна алды

Даниялык ойлоп табуучу Питер Мадсен журналист Ким Валльдын денесин суу алдындагы кемеде бычып салганын мойнуна алды. Мадсендин айтымында, журналист кыз уулу газга тумчугуп калган.

Даниянын полициясынын билдиргенине ылайык, ойлоп табуучу Питер Мадсен журналист кыз Ким Валль суу алдындагы кеменин бортунда газга ууланып каза болгонун айткан. Ал учурда өзү палубада болгон.

Мадсен каза болгон кыздын денесин бычып, анын калдыктарын деңизге ыргытып салганын мойнуна алды.

Башында полиция Мадсенди өлтүрүү менен бычууга айыптаган, бирок учурда ага каршы денени мазактоо боюнча кошумча күнөө тагышты.

Октябрдын башында суучулдар деңизде пастикалык баштыктарга салынган Ким Валльдын башы менен бутун табышкан. Ошондой эле, баштыкта оор темирлердин кесиндилерин табышкан, аларды божомолдуу баштык деңиздин түбүнө чөгүшү үчүн салып коюушканы мүмкүн.

Мадсендин мурдагы көрсөтмөлөрү

Башында Мадсен билдиргендей, Валль суу алдындагы кемеде күтүлбөгөн кырсыктан улам каза болгон. Мадсендин айтымында, кеменин бортунда кыздын башына темирден жасалган люк түшүп кеткен, ал ошондон улам каза болгон.

Ойлоп табуучу окуядан кийин дендиреп калып, ошондуктан ал анын денесинен арылууну чечкенин айткан.

«Дененин алдында кан жайылып кеткен. Дендиреп калган абалда мен денеден арылуу жакшы болот деп чечкем», — деп билдирген ойлоп табуучу.

Ким Валльдын жоголушу

Ким Валль 10-августта жоголгон. Акыркы жолу аны Мадсендин — «Наутилус» кемесинин бортунда тирүү көрүшкөн.

Эртеси күнү эртең менен журналист кыздын жигити полицияга кайрылган. Кыздын жигити Валль Мадсен менен жолугушуудан кийин кайтып келбегенин билдирген.

Бир нече сааттан кийин полиция Мадсенди тапкан, бирок журналист кыз анын жанында жок болуп чыккан. Ал Валльды мурдагы күнү кечинде аралдардын биринде түшүрүп койгонун билдирген. Бирок ал көрсөткөн жерде Валльга окшош кызды эч ким көргөн эмес.

Ал эми ойлоп табуучу өзү кеменин бортунда күтүлбөгөн кырсык болуп, ал кемени чөктүрүп салганга мажбур болгонун билдирген.

Кийинчерээк Копенгагенге жагын шаарлардын аралчаларынын биринин тургундары аялдын көркү кетирилген денесин табышкан. ДНК анализи — бул жоголуп кеткен Ким Валль болгонун аныктаган.

Мадсенге адам өлтүрүү боюнча күнөө тагылган. Ал өзүн күнөөлүү таныбай, Валль күтүлбөгөн кырсыктан улам каза тапкан деп билдирүүдө.