«Элес» тобунун музыканты Айдин Жумалиев дүйнө салды

Бишкекте 51 жаш курагында «Элес» тобунун мүчөсү Айдин Жумалиев каза болду. Буга чейин анда боор рагы илдети аныкталган. Музыкантты жерге берүү зыйнаты 5-ноябрда өтөт.

Музыкант Айдин Жумалиев боор рагы илдети менен көпкө күрөшүп жүрүп, 3-ноябрда көз жумду.

Артист менен коштошуу 5-ноябрда Бишкектин 12-кичи районунда өтөт. Музыкант Токмокто жерге берилет.

Жумалиевге жардам

Буга чейин музыкант бардык көңүл кош карабаган кыргызстандыктарга жардам сурап кайрылган.

Президент Алмазбек Атамбаев Жумалиевге 500 миң сом өлчөмүндө каражат бөлгөн.

Мындан тышкары, Бишкекте музыкантка арналган кайрымдуулук концерти өтүп, анын жардамы менен Жумалиевдин даарылануусуна кошумча дагы бир миллион сом чогултулган.

Музыкант Түркиянын онкологиялык клиникасында дарыланып жаткан.

Жумалиевдин карьерасы

«Элес» — 1985-жылы өзүнүн карьерасын баштаган музыкалык топ. Музыканттар 2002-жылга чейин концерт коюп, ырларды жаздырып келишкен.

Айдин Жумалиев музыкалык топ түзүлгөн күндөн тартып анын мүчөсү болгон.

Жалпысынан музыканттар беш альбом жаздырышкан. «Элес» Кыргызстанда таанылган эң белгилүү жана ийгиликтүү музыкалык жамааттардын бири болуп эсептелет.


ТЕМА БОЮНЧА: