Өкмөттө Бишкектеги жылытуу сезонунун башталышын түшүндүрүштү

Өкмөттүн жыйынында Бишкекке жылуулуктун эрте берилип баштаганын түшүндүрүштү. Мэриянын өкүлүнүн айтымында, октябрда шаарда суук жүрүшү күтүлүп, мэрияга жылуулукту берүү боюнча суранычтар түшө баштаган.

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев өкмөттүн жыйынында борбордо мөөнөтүнөн мурда жылуулук бериле баштаганы жана азырынча аба ырайы жылуу болуп турганда аны өчүрүү мүмкүндүгү бар же жогу боюнча маселе көтөрдү.

Анын оюнча, жылуулук берүүнү өчүрүп туруу керек, анткени үйлөрдү жылытуунун тарифи жылытуу сезону башталгандан бери 40 млн сомду түзгөн.

«Электр станциялар» компаниясынын директорунун орун басары Бердибек Боркоевдин айтымында, борбордук жылуулук берүүнү күйгүзүү боюнча чечим мэриянын жыйынында кабыл алынат. Мэриянын аткаминерлери жылуулук берүүгө уруксаат беришкен соң, тургундарга жылуулук берүүнү күйгүзүшкөн.

Ошондой эле, жылуулук берүү боюнча чечимди ЖЭБ, «Улуттук энергохолдинг» жана «Электр станциялар» компаниялары кабыл алышат.

Бишкектин вице-мэри Эркин Исаковдун айтымында, мэрияга 4-8-октябрга чейин жарандардан жылуулук берүүнү күйгүзүү боюнча өтүнүүлөр түшкөн.

«Кыргызгидрометтин 4-октябрдан 8-октябрга чейин абанын температурасы 8 градустан ылдый болгону, ал эми кечкисин температура 1,6 градуска чейин төмөндөп, бул социалдык объекттер үчүн абдан эле сезилет деп айтылганы боюнча справка бар. Ошондой эле, мэрияга жылуулукту берүү боюнча суранычтар көп келген», — деди Исаков.

Мындан тышкары, ал октябрда Бишкекте суук болуп, нөшөрлөгөн жаан-чачындар күтүлгөнүн кошумчалады.

«Жылуулук берүү үчүн коллегиалдык юридикалык жана моралдык чечим чыгарууга негиз бар болчу, бул жерде эч кимдин күнөөсү жок деп ойлойм. Борбор Азиянын өрөөндөрүнө абанын жылуу желдери кирген. Учурдагы созондо температуранын мындай кубулуштары абдан сейрек кездешет жана аларды алдын ала айтуу кыйын», — деп жыйынтыктады Исаков.

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов мэриянын аракеттери нормаларга туура келет деп айтты.

«Эгерде үч сутка абанын орто температурасы 8 градустан ылдый болсо, ошол маалдан жылуулук берүү сезону башталат деген норма бар, температураны жөнгө салуу — башка маселе», — деди Бронов.

«Электр станциялар» компаниясынын директорунун орун басары Бердибек Бокоев жылуулук берүүнүн өчүрүүгө бир нече сутка талап кылынаарын кошумчалады.

«Ысык сууну 60 градустан ылдый төмөндөтпөө керектиги боюнча санитардык норма бар. Жылуулук агрегаттарынын ишин толугу менен токтотууга болот, бирок аны өчүрүүгө 3-4 күн керектелет, жылуулукту берүүгө да ошончо күн кетет», — деди ал.


ТЕМА БОЮНЧА: