Башкы прокуратура Бабановго каршы кылмыш ишин козгоду

Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Өмүрбек Бабановдун Ош шаарынын Амир Тимур кичи районундагы айткан сөздөрү «бийликти басып алууга жана кастыкты козутууга» багытталаган деп табылган.

Ишкер жана депутат Өмүрбек Бабановго карата кылмыш иши 4-ноябрда козголгон.

Саясатчынын өкүлдөрү кылмыш ишинин козголушу боюнча азырынча комментарий берүүдөн баш тартышты.

Башкы прокуратуранын ою боюнча, 28-сентябрь күнү Бабанов президенттик шайлоого үгүттөп жүргөн кезде Ош шаарынын Амир Тимур кичи районунда «улут аралык кастыкты козутууга, бийлик өкүлдөрүнө активдүү түрдө баш ийбөөгө» чакырып, бул массалык түрдөгү баш аламандыктарга алып келиши ыктымал болгон.

«Комплекстүү филологиялык-саясий экспертизадан кийин аныкталгандай, Бабановдун эл алдында ачык айтып чыккан сөздөрү улут аралык кастыкты козутууга, адамдарга чагым салып, учурдагы бийликке баш ийбөөгө жана аны кулатууга багытталган чакырыктарды камтыйт», — деп кабарлады көзөмөл органы.

Кылмыш ишинин козголушуна саясатчынын «чөгөлөп жашаганча тике туруп өлгөн жакшы» жана «ким, кайсы бир милиция өзбек калкына тийсе, ал кызматынан кетет. Мен сөз берем» деген сөздөрү себеп болгон.

Бабановдун кеңешчиси Мирсулжан Намазалиев 10-октябрда өткөн басма сөз жыйынында билдиргендей, Бабановдун сөздөрүн контексттен чыгарып салып, монтаждап коюшкан.

Башкы прокуратура болсо Бабановдун сөзү монтаждалбаганын билдирди.

Азыр иш УКМКга андан аркы иликтөө үчүн өткөрүлүп берилди.

Кылмыш иши эки берене боюнча козголгон. Бири «Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу» жана экинчиси «Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу» болуп эсептелет. Саясатчы жок эле дегенде беш жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бабанов ушул жылы болуп өткөн президенттик шайлоого катышкан талапкерлердин бири. Шайлоонун жыйынтыктары боюна ал 30 пайыздан ашыгыраак добушка ээ болуп, 2-орунду алган.

Шайлоодон кийин ал добуш берүүнүн жыйынтыктарын таанып, бирок бийликти «административдик ресурс жана өзүнө каршы кара пиар колдонууу» боюнча айыптап чыккан.

Президенттик шайлоодон бийликчил талапкер жана мурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков утуп чыккан. Анын инаугурациясы 24-ноябрда болуп өтөт.


ТЕМА БОЮНЧА: