Бишкек — Ош жолундагы кырсыктын курмандыктарынын саны 10 адамга жетти

Жол кырсыгы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын жанында болгон. Жеңил машина газ ташыган унаа менен сүзүшүп, натыйжада 10 адам каза тапкан, алардын арасында эки бала бар.

Таш-Көмүр шаарындагы Бишкек-Ош жолунун 457-чакырымында 6-ноябрь күнү саат 00:05де «Хонда Степвагон» менен «Ман» үлгүсүндөгү газ ташыган унаа сүзүшүшкөн.

ӨКМдин маалыматына ылайык, кырсык болгон жерде сегиз адам каза болгон, анын арасында 6 айлык ымыркай бар.

Таш-Көмүр шаарынын ооруканасында бир бала менен дагы эки жабыр тарткан адам каза болушкан.

Каза тапкандардын сөөктөрү Таш-Көмүр шаарынын өлүкканасына жөнөтүлдү.


ТЕМА БОЮНЧА: