Бишкек: Казак жарандарынан опузалап пара алуу үчүн милиционер кармалды

Башкы прокуратура Бишкек ИИБнин кызматкерине каршы кылмыш ишин козгоду. Аны Казакстандын жарандарынан пара алгандан кийин дароо кармашкан.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 6-ноябрда ички иликтөө кызматкерлери тарабынан 14 миң сом өлчөмүндө пара алган милициянын ага лейтенанты кармалган.

Буга чейин ИИМге Казакстандын эки жараны алардан Свердлов райондук ИИБнин кызматкерлери 8 миң сом опузалаганын жана аларга талап кылынган акчаны берүүгө аргасыз болушканын айтышып, арыз менен кайрылышкан.

Ошондон кийин милиционерлер алардан «ыктымал чек арадан мыйзамсыз өткөндүктөрү менен Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз жүрүүлөрү боюнча маселени оң жагына чечүү» үчүн дагы 20 миң талап кылышкан.

Башкы прокуратура «Опузалап пара алуу» жана «Пара алуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Кармалган милиционер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Убактылуу кармоо жайына камалды.


ТЕМА БОЮНЧА: