Өкмөт «Кумтөрдүн токтоосуз иштеши» үчүн Давыдов менен Лысый мөңгүлөрүндө иштөөгө уруксат берүүнү каалайт

Вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдиргендей, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндөгү жумуш боюнча Суу кодексиндеги өзгөртүүлөр «Кумтөрдүн токтоосуз иштеши» үчүн багытталган. Укук коргоочулар менен активисттер өзгөртүүлөрдү артка чакыртуу керек деп эсептешет, анткени аны кабыл алуу экологиянын кыйрашына алып келет.

Зилалиев 10-ноябрдагы тегерек столдо билдиргендей, Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүндө ишмердик кылуу үчүн Суу кодексиндеги өзгөртүүлөр «Кумтөрдүн токтоосуз иштешине» багытталган. Эки мөңгү тең Кумтөр кенине жакын жайгашкан.

«Мен силерди ишендиргим келет, биздин бул нерсени тымызын кылууга каалообуз жок. Бул мыйзам долбоору башка мөңгүлөрдө иш алып барууга урксат берүүгө багытталган эмес. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө биз Давыдов менен Лысый мөңгүлөрү жоголгонун айта алабыз», — деп билдирди ал.

Сүрөт: «Азаттык»

Зилалиев өкмөттү компаниянын ишин жүргүзүүгө шарттарды камсыздап берүүнү милдеттендирген Жогорку сот менен парламенттин чечимдери бар деп айтты.

«Мөңгүлөр жылышып жатат, алар кендин жумушунун токтоп калышына коркунуч жаратууда, ошондуктан мөңгүнү жеңилдетүү жүрүүдө. Биз бир гана алтынды коргоп жаткан жокпуз, бардыгы элдин байлыгы үчүн. Мөңгүнүн баалуулугу — бул суунун булагы. Мөңгүлөр кетпейт, суу калат, суунун тең салмагы сакталууда», — деди Зилалиев.

Кумтөрдүн ишинин токтошунан келтирилген чыгым

«Кумтөр Голд Компани» компаниясынын башкаруу мүчөсү Дүйшөн Касеновдун айтымында, компаниянын ишин Давыдов мөңгүсүнүн карьерге түшүшү токтото алат.

Ал жылышып жаткан музду жылдырууга туура келип жатканын айтты, ошондуктан Суу кодексине бул өзгөртүүлөр керек.

Касенов эгерде мөңгү карьерге жылып түшсө, ишкана пландалган 160 тонна алтынды өндүрө албай калат деп билдирүүдө.

Анын айтымында, эгерде кендин ишин жок дегенде эле үч айга токтотсо, кайра аны ишке киргизүүгө 1580 млн доллар коротулат. Бул акчаны өлкөнүн өкмөтү төлөп бериши керек болуп калат.

Ошондой эле, Касенов ишкананы токтотуудагы чыгымдын жалпы өлчөмү жылына 360 млн долларды түзөөрүн айтты.

«Суунун булагы катары эсептелген мөңгүлөр жөнүндө айта турган болсок, бул жерде мен эч бир көйгөйдү көргөн жокмун, анткени суунун тең салмагы сакталууда, мүмкүн мөңгүлөр бир аз тезирэээк ээриши мүмкүн. Мага "мөңгүлөрдү жок кылуу", "мөңгүлөрдү бузуу" деп айтылган учурлар жакпайт. Бул мөңгүлөр карьердин бир участогунан башка участокторго жылышып турат», — деди ал.

Кыргызгидрометтин өкүлүнүн айтымында, Давыдов мөңгүсүнүн аянтынын кыскарышына компаниянын ишмердиги эмес негизинен климаттын өзгөрүүсү таасир этет.

Лысый мөңгүсү. Сүрөт: «Азаттык»

Өзгөртүүнү артка чакыртуу

Укук коргоочу Калича Умуралиеванын айтымында, бийликтегилер Суу кодексине өзгөртүүлөрдү эреже бузуулар менен кабыл алууну каалап жатышат.

«Мен бардыгы качып кете терган чөл катары эмес биздин мамлекет катары калыптанышыбыздын мүмкүнчүлүгүн биринчи орунга коюш керек деп эсептейм. Биринчи орунга экология маселелерин коюу керек. Бүгүн мен Кумтөрдүн кызыкчылыгын коргогон, кызыкчылыктарды сүрөгөн топтор бар экенин көрдүм. Келгиле өлкөнүн жарандарынын кызыкчылыктарын сүрөйлү», — деди ал.

Эколог Калия Молдогазиеванын айтымында, бийликтегилер «Кумтөр» үчүн  мыйзамды өзгөртүүнү каалашууда.

Анын айтымында, компания бул өзгөртүүлөрдү киргизүү менен экологиялык зыяндардын ордун толтууруу төлөмдөрүнөн баш тартууну каалап жатат.

Мөңгүлөрдө кен казууга каршы митинг. Сүрөт: Kloop.kg

Укук коргоочулар менен активисттер өкмөттөн өзгөртүүлөрдү артка чакыртууну талап кылышып, премьер-министр Сапар Исаковдун атына кат түзүп коюшту. Учурда өзгөртүүлөр парламенттин үчүнчү окуусунда жатат.

Алардын айрымдары билдиришкендей, эгерде алар өзгөртүүлөрдү чакыртышпаса митингге чыгып, ачкачылык жарыялашат.


ТЕМА БОЮНЧА: