Кант: Автоунаа бир үй-бүлөнү сүзүп, эки адам набыт болду

Канттын борборунда «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү машина 4 адамдан турган үй-бүлөнү сүзүп, натыйжада алты жашар кыз менен анын чоң апасы каза болду. Милициянын маалыматына ылайык, айдоочу мас абалда болгон.

Чүй ИИБнин маалыматына ылайык, жол кырсыгы 12-ноябрда болжолдуу саат 20:00дө Кант шаарынын борборунда болгон.

«“Фольксваген Гольф” үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу төрт адамдан турган үй-бүлөнү сүзгөн», — деп билдиришти милициядан.

Жол кырсыгы болгон жерде алты жашар кыз каза болуп, анын 64 жаштагы чоң апасы ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган.

Кыздын энеси менен атасы бир аз жаракат алышып, ооруканага жатуудан баш тартышкан.

Айдоочу кырсык болгон жерден дароо кармалып, убактылуу кармоо жайына камалган.

Иллюстративдик сүрөт