Ысык-Көл: Машина бакты сүзүп, үч адам каза болду

Ысык-Көл облусунда «БМВ» үлгүсүндөгү машина жолдон четтеп кетип, бакты сүзгөн. Натыйжада үч адам жол кырсыгынын курмандыгы болду.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынынын маалыматына ылайык, жол кырсыгы 13-ноябрда саат 7:00дө Балычкы – Ананьево – Каракол авто жолунда болгон.

«БМВнын» айдоочусу унааны башкара албай калгандыктан улам машина жол тилкесинен чыгып кетип, бакты сүзгөн.

Автоунаанын жүргүнчүлөрү кырсык болгон жерден дароо каза болушкан, ал эми айдоочу ооруканага бара жаткан жолдон көз жумган.

Жалал-Абаддын тургуну башкарып бара жаткан унаада Ысык-Көл облусунун жашоочулары болушккан.

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар машинанын салонунан каза болгондордун сөөктөрүн чыгарышып, милициянын кызматкерлерине откөрүп беришкен.

Сүрөт: Кыргызстандын ӨКМнин басма сөз кызматы


ТЕМА БОЮНЧА: