Баткен: Эки машина сүзүшүп, үч адам каза болду

Баткен облусунун Тогуз-Булак айылына жакын жердеги жолдо «Хонда Степвагон» жана «Жигули» үлгүсүндөгү машиналар бетме-бет сүзүзүшкөн. Жол кырсыгынын натыйжасында үч адам каза болуп, дагы сегиз адам ооруканага жеткирилген.

Жол кырсыгы 14-ноябрда эртең мененки саат 7:30да Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында болгон.

«Жигули» үлгүсүндөгү машина «Хонда Степвагон» унаасы менен бетме-бет сүзүшкөн. ӨКМдин басма сөз кызматынан Клооптун кабарчысына билдиришкендей, жол кырсыгы болгон жерде үч адам каза болгон.

Лейлек райондук ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басыры Айбек Хадайбаевдин маалыматына ылайык, жалпысынан сегиз адам жабыркаган, алардын төртөөсү травматология бөлүмүндө.

«Дагы төртөөсүнүн абалы оор. Алар реанимацияда», — деди Хадайбаев.

Милиция жол кырсыгынын себептерин териштирүүдө.

Сүрөт: Turmush.


ТЕМА БОЮНЧА: