Сүрөт: Sputnik / Николай Хижняк

Казакстан сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече кыргызстандык компаниянын өндүрүмдөрүн өз аймагына киргизүүгө чектөө койду. Мындай чечимди коңшулар Кыргызстандан талапка туура келбеген өндүрүм келип жатканы менен түшүндүрүүдө. Бирок кыргыз өкмөтү жана өндүрүүчүлөр чектөө коюлганы боюнча расмий кабардар эмес.

Материалдын түп нускасы «Азаттык» үналгысынын сайтында жарык көргөн. Макаланын автору: Бакыт Асанов.

Казакстан Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азык-түлүк чыгарган бир нече компаниянын өндүрүмдөрүн өз аймагына киргизүүгө чек койгону өткөн аптанын соңунда белгилүү болгон.

Казак маалымат каражаттары жазгандай, коңшу өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин мындай чараны Кыргызстандан талапка туура келбеген өндүрүм кирип жатканы менен түшүндүргөн.

Чектөө киргизилген компаниялардын катарында "Ак-Сүт", "Риха", "Куликовский" жана "Эмилия" ишканалары бар экени айтылган. Бирок мындай чара тууралуу Кыргызстандын органдары менен чектөө киргизилген ишканалар расмий кабардар боло элек.

«Куликовский» торттору.

Казак тарап кабар берген эмес

Өлкөнүн Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумакановдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, казак тарап өндүрүмүнө чек койду делген ишканалар Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына жооп берген бирдиктүү реестрге киргизилген. Демек алардын өндүрүмү коңшу өлкөгө эч кандай чектөөсүз ташылышы керек болчу. Ошондой эле Жумаканов дүйшөмбүгө карата Казакстандан эч бир расмий кабарлама түшпөгөнүн кошумчалады:

- Эгерде казак тарап бул ишканалар боюнча кандайдыр чечим кабыл алса, реестрге кирген ишканалар боюнча бизге дароо кабарлашы керек болчу. "Мына, мындай кемчиликтер кетти, лабораториянын текшерүүсүнүн жыйынтыгы мына бул талапка жооп бербейт" деп кабар бериши керек эле. Бирок бизге андай кабар келе элек. Ишкерлер да кайрыла элек.

Чындыгында эле Казакстан чектөө киргизди деген ишканалар да бул чаралар тууралуу кабары жок экенин айтышууда. Маселен, "Куликовский" кондитердик ишканасынын маркетинг боюнча директору Олеся Кушенкованын айтымында, мындай чара тууралуу ал маалымат каражаттарынан окуп, билген.

- Казакстандын мамлекеттик органдарынан эч кандай расмий маалымат келип түшкөн жок. Башкалар сыяктуу эле маалымат каражаттарынан окуп жатабыз. Эгер бизде кандайдыр документ болсо, биз кырдаал боюнча позициябызды айтабыз.

Иллюстративдик сурөт, Time.kg

Дал эле ушундай жоопту башка ишканалардын да өкүлдөрү айтышты.

Негизи кыргызстандык 25 ишкана Казакстанда эт, сүт жана балык өндүрүмдөрүн сатууга укук алган. Анын ичинен 15и сүт азыктарын коңшу өлкөгө экспорттогон ишканалар.

Кампада кармалган сүт азыктары

10-октябрдан тартып кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл күчөтүлгөндөн бери сүт өндүрүүчүлөр өз өндүрүмүн коңшу өлкөгө өткөрө албай, чыгымга учурап жатканын айтышууда. Алардын арасында Таластагы "Арашан" ишканасы бар. Анын директору Алмаз Керималиев ишкана өндүргөн сүт азыктарын азырынча кампага жыйноого аргасыз болуп жатканын баяндады:

- Бүгүнкү күнгө чейин бир да килограмм быштак, сүт өткөрө элекпиз. Биздин кургак сүт чыгарган жабдыгыбыз көмүр менен иштейт. Ал үчүн Казакстан көмүр алчубуз. Азыр көмүр да албай калдык. Элден сүт алганыбыз менен аны иштетип, быштак кылып кампага жыйнап жатабыз. Бул жагынан кыйналып жатабыз.

Ал эми Жети-Өгүздөгү "Ак Жалга" сүт ишканасынын директору Күлүйпа Жузүмалиева өндүрүмдөрүн Казакстанга өткөрүп жатат. Бирок чек арадагы кезек күтүү ишканаларды кошумча чыгымга кириптер кылууда:

- Биздин өндүрүмдөр кирип жатат. Бирок чек арадагы кырдаал таасирин тийгизүүдө. Мисалы, чек арадагы тыгындан улам сүт ташыган унаалар 20 сааттап күтүп калды. Кезек күтүп калган унаалардын жүк ташыган акысы да кымбаттап кетти.

Быйыл 10-октябрдан тартып Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. Алгач расмий Астана муну Кыргызстандагы президенттик шайлоо менен байланыштырса, 25-октябрда чек арадагы кырдаал кыргыз тараптын бажыдагы аткезчиликти көзөмөлдөй албаганынан улам курчуганын айткан. Кыргыз өкмөтү мындай дооматты четке кагып келет. Бул окуядан кийин казак жана кыргыз өкмөт башчылары бир нече ирет жолугушуп, бирок андан майнап чыккан эмес.

«Кордай» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги тыгындар. Сүрөт: Kloop.kg

Кыргыз тарап чек арадагы кырдаалдан улам өзү тарткан чыгымды Эл аралык валюта кору 200 миллион доллар деп эсептегенин билдирип, Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган эле.

"Соода согушу"

Өткөн аптада эл аралык уюмдун Товар соодасы боюнча кеңеши Кыргызстандын кайрылуусун карады. Бирок кандай жыйынтык болгону белгисиз.

Мурдагы вице-премьер Олег Панкратов ЕАЭБдин реестрине кирген ишканаларга чектөө киргизилишин эки өлкө ортосундагы "соода согушунун" жаңы баскычы катары сыпаттап жатат:

- Кайсы бир өндүрүм талапка жооп бербей тургандыгын айтыш үчүн аны текшерген механизмин ачык көрсөтүлүшү керек. Мен үчүн Казакстан бир эле учурда бир мамлекеттен үч-төрт компанияны аныктап чыкканы кызык болуп жатат. Эгер текшерүү жүргүзүп, талапка жооп берген компаниялар ар кыл өлкөлөрдөн болуп чыкса, анда реалдуу болуп көрүнмөк. Ал эми бир мамлекеттен туруп-туруп эле үч-төрт ишкананы талапка жооп бербейт дегени таң калтырып жатат. Болбосо аталган ишканалар өлкөдө мыкты катары таанылган, бардык нормаларга жооп берген, HASP системасы киргизилген. Дал ушул ишканалар талапка жооп бербейт дегенин биздин казак кесиптештердин Кыргызстанга карата "соода согушунун" кезектеги баскычы деген жыйынтыкка келип жатам.

Негизи акыркы күндөрү Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы жүк ташуучу унаалар өткөн "Ак Тилек" өткөрмө бекетинде тыгын азайганы байкалган. Бирок 10-ноябрдан бери чек арадагы көзөмөл-өткөрмө бекеттеринде 400гө жакын машине топтолгону белгилүү болду. Мамлекеттик Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 13-ноябрда тыгын "Ак-Тилек" жана Таластагы "Чоң Капка" бекеттеринде байкалууда.