Бишкек: Борбордук илимий китепканада 70 миң сомго фуршет өткөрүлөт

Илимдер академиясынын Борбордук илимий китепканасы кытай маданиятынын бурчунун ачылышынын урматына 70 миң сомго фуршет заказ кылган — бул боюнча маалымат мамлекеттик сатып алуулар сайтында пайда болгон.

Борбордук китепкана 70 миң сомго фуршет заказ кылганы боюнча маалыматтын мамлекеттик сатып алуулар сайтында пайда болушун аталган жайдын директору Ширин Ибраимова «жаман ойдо абийирсиз иштеген кызматкерлерди издөө» деп атады.

«Мен атайын тендерге берген жокмун, анткени түшүнүп калгам: абийирсиз адамдар кандайдыр бир топторду уюштурушат, анткени бюджеттик каражаттар боюнча биз керектүү товарларды тендер жарялоо аркылуу алабыз. Кара санатайлар бар жана мен билип алдым кимдер экенин. Бул гранттын программасы боюнча фуршет көрсөтүлгөн. Мына эми биз жөн гана өзүбүз барып, тандадык», — деди ал «Акчабар» басылмасына.

Фуршет өткөрүү тендеринде кытай ашканасы менен ичимдиктер жазылган — Ибраимованын айтымында, спирт ичимдиктери мамлекеттик сатып алуулар сайтында жаңылыштык менен көрсөтүлгөн.

Борбордук китепканада 21-ноябрь күнү кытай маданиятынын бурчунун ачылышына 120 адам чакырылган. Ал эми китепкананын директору фуршет Кытайдан келген делегация үчүн керек дейт.


ТЕМА БОЮНЧА: