Чүй облусу: Жол кырсыгынан үч киши көз жумду

«Тойота Камри» үлгүсүндөгү машинанын айдоочусу беш жөө жүргүнчүнү сүзүп, анын үчөөсү көз жумду. Экспертизага ылайык, айдоочу мас абалда болгон.

Жол кырсыгы 20-ноябрда болжолдуу саат 15:05де Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айлында болгон.

ӨКМдин маалыматына ылайык, «Тойоты Камринин» айдоочусу беш жөө жүргүнчүнү сүзгөн.

Бир аял кырсык болгон жерден дароо кайтыш болгон. Дагы эки киши анын ичинде жети жаштагы бала ооруканада көз жумган.

Айдоочу дагы ооруканага жеткирилген. Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыктарына ылайык, ал мас абалда болгон.

Милиция жол кырсыгынын чоо-жайын аныктап жатат.


ТЕМА БОЮНЧА: