Атамбаев Путинге «Манас» орденин ыйгарды

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Орусиянын өлкө башчысы Владимир Путинди I даражадагы «Манас» ордени менен сыйлады.

Орден эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилди. Аталган жарлыкка президент Атамбаев 22-ноябрда кол койгон.

Андан тышкары Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзиёевге «Данакер» ордени ыйгарылды.

«Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана салттык достукту бекемдөөгө кошкон жеке салымы үчүн Шавкат Мирзиеёв "Данакер" ордени менен сыйланды», — деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Ошондой эле, «Достук» ордени менен «КВН» эл аралык союзунун президенти Александр Масляков, Өзбекстандын «Ялла» вокалдык- инструменталдык ансамблинин көркөм жетекчиси Фаррух Закиров жана Алтай Республикасынын эл жазуучусу Бронтой Бедюров сыйланды.

I даражадагы «Манас» ордени «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамынан кийинки эле эң жогорку сыйлык. Аталган сыйлыктын үч даражасы бар. Ал эми «Данакер» тынчтыкты, достукту жана элдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыйгарылат.


ТЕМА БОЮНЧА: