Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте автоунааларды чогулта баштайт

Isuzu автобусу. Сүрөт: podrobno.uz

Кыргызстанда 2018-жылдын аягында автоунаалар менен автобустарды чогултуу боюнча биргелешкен кыргыз-өзбек ишканасы ишке кирет. Автотехникалар жарым-жартылай чачылган түрдө Кыргызстанга жеткирилип турат, бул анын өздүк наркынын баасы төмөн болушун шарттайт.

Кыргызстандын инвестицияларды илгерилетүү боюнча агенттигинин бөлүм башчысынын орун басары Нурадил Баясов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, учурда Кыргызстанда ишкананы ачуу үчүн өнөр жай аянтчасы даярдалууда.

«Керектүү документтерге тараптар кол коюшту, учурда алар ийине жеткирилип иштелүүдө. Биз автоунааларды сатууга эмес жумуш орундарын түзүүгө багытталуудабыз», — деди ал.

Баясовдун айтымында, өлкөдө чогултулган автоунаалардын, автобустардын жана айыл-чарба техникаларынын баасы Кыргызстанга импорттолгондорго караганда төмөнүрөөк болот.

Негизинен ишканаларда «Исузу» автобустарын жана «Равон» соода белгисиндеги автоунааларды чогултулат.

«Автоунаалар алгач Кыргызстандын базарында сатыла баштайт, бара-бара ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн базарына экспорттолот. Анткени чоң компаниялар үчүн Кыргызстандын базары бир топ эле чакан», — деди Баясов.

Өзбек тараптан өнөктөштөрдүн бири катары 20 жылдан бери корей унааларын өндүрүү менен алектенген «Женерал Моторс Өзбекстан» заводу болуп эсептелет. Компания «Шевроле» соода маркасынын алдында «Матиз», «Спарк», «Нексия» жана башка автоунааларды чыгарат.

Эки өлкө менен түзүлгөн макулдашуу октябрда Ташкенде өткөн кыргыз-өзбек бизнес-форумунун алкагында жетишилген.

Өлкөлөр арасындагы соода-экономикалык алака 2017-жылдын башында жакшыра баштаган. Сентябрь айында премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан менен Өзбекстан $115 млн макулдашууга жетишкендигин билдирген.

2017-жылдын биринчи жарым жылдыгында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 170 млн доллардан ашуун каражатты түзгөн. Бул 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу эки эсе көп.


ТЕМА БОЮНЧА: