Исаков: Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууда акционер болгусу келет

Премьер-министр Сапар Исаков билдиргендей, Өзбекстан «Камбар-Ата-1» ГЭСин курууда өнөктөш болгусу келет. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев сентябрь айында Кыргызстанга болгон сапары учурунда Өзбекстандын ГЭС курууга катыша тургандыгын билдирген.

Исаков парламенттин жыйынында билдиргендей, өзбек тарап эки өлкөнүн президенттеринин ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин ГЭС курууда өнөктөш болгусу келгенин ачыктаган.

«Буга чейин алар “Камбар-Ата-1” ГЭСнин курулушуна каршы болушкан. Эми алар бизди колдоп жатышат. Өзбекстан "Бул долбоордо биз жалгыз акционер болгубуз келет" деп өз пикирин ачыктады. Кыргызстан менен Өзбекстан бул ГЭСти биздин башка коңшуларыбыз менен чогуу курушу керек», — деди Исаков.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Урмат Кабылова «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, өкмөткө азырынча Өзбекстандан расмий сунуш түшө элек.

«Өзбекстан “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууда өнөктөш болууга даярдыгы менен каалоосун ачыктады. Бирок өкмөткө расмий кайрылуу азырынча түшө элек. Мүмкүн, жакында расмий сунуш алабыз», — деди Кабылова.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев 5-6-сенбярда өзүнүн Кыргызстанга болгон алкачкы сапары учурунда өлкөлөр суу маселелери жана Камбар-Ата ГЭСи боюнча «олуттуу түрдө келишишкенин» билдирген.

«[Кыргызстандын президенти] Алмазбек Шаршенович бир дагы станция Өзбекстандын катышуусусуз курулбастыгын айтты. Мен толугу менен макулмун, биз каржылоо боюнча эң жигердүү катышабыз, Камбар-Ата ГЭСин чогуу курабыз, анткени ал бизге керек. Бул эки өлкө үчүн пайдалуу», — деп билдирген ал.

Атамбаев орусиялык «РусГидро» компаниясы менен келишимди жокко чыгаруу жөнүндө билдиргенден кийин 2015-жылдын аягынан тартып Камабар-Ата 1-ГЭСнин курулушу токтотулган.

Келишим боюнча орусиялык компания Жогорку Нарын ГЭС каскаддарын курушу керек болчу, бирок ал дагы долбоорду аягына чыгарган эмес.

Кыргызстан келишимди бир тараптуу жокко чыгарганы үчүн «РусГидро» компаниясына 37 млн АКШ доллар карыз болуп калган.


ТЕМА БОЮНЧА: