Жээнбеков президенттик кызматка киришти

Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын президенттик кызматына расмий киришүү салтанаты. Сүрөт. Президенттин басма сөз кызматы

Инаугурация салтанаты «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү. Жээнбеков Кыргызстандын элинин алдында ант берип, өлкө башчысынын ыйгарым укутарынан Алмазбек Атамбаевден кабыл алды.

Жээнбеков Конституциянын мыйзамдарын аткарып, өлкө биримдигин сактоону убада кылды жана чогулгандардын алдында ант берди. Өз сөзүндө ал шайлоочулар менен КСДПдагы партиялаштарына ыраазычылык билдирип, Атамбаевдин баштаган жолун улантаарын кошумчалады.

Анын айтымында, Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты бекемдөөнү улантат. «Европа биримдиги менен тыгыз диалог улантылат. Түркия жана АКШ менен кызматташуу пландык негизде өнүгөт», — деди ал.

Президент өз сөзүндө мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуп, коррупция менен күрөштү улантаарын убадалады. «Эл бийликке чоң ишеним менен мамиле кыла баштады, анткени эртеби же кечпи "ууру түрмөдө отурат"», — деп билдирди Жээнбеков.

Жээнбеков билдиргендей, анын биринчи жарлыгы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы менен ага «Ак-Шумкар» орденин ыйгаруу болот.

«[Сыйлык Атамбаевге] Кыргызстан менен анын элине жан дили менен кызмат өтөгөнү үчүн, акылмандык жана кыраакылык үчүн», — деди жаңы президент.

Жээнбековдон кийин сөз кезегин Атамбаев алды. Ал билдиргендей, шайлоо «таза жана ачык» болуп өткөн. Мурдагы президент Жээнбековду кызматка киришүүсү менен куттуктап, ага ийгиликтерди каалады.

Атамбаевдин айтымында, анын президенттик мөөнөтү «оор», бирок бул «түп тамырынан өзгөрүүнүн алты жылы» болгон.

«Эл аралык саясий серепчилер Кыргызстан урап жок болот деп атйышкан, бирок бул нерсе болгон жок. Учурда биз чыныгы көз карандысыз өлкө болдук. Мен өз элиме ыраазычылык билдирем», — деди Атамбаев.

Ошондой эле, ал кыргызстандыктардан үмүттөрүн актай албай калган болсо кечирим сурады.

«Мен эл жана кудай алдында чынчыл болгон аракет кылдым. Мен кыргызстандын келечегине ишенем. Биз эч качан артка кайтпайбыз, эми бир гана алдыга. Мен Сооронбай Шарипович чынчыл жана адилеттүү иштей тургандыгына ишенем», — деп билдирди Атамбаев.

Атамбаев сөзүнүн аягында Жээнбековго «Соке досум» деп кайрылган ыр саптарын окуп, ага ак жол каалады.

Андан соң президенттер Жогорку Кеңештин имаратына кетишти, ал жакта Жээнбеков Улуттук гвардиянын парадын тосуп, ал эми Атамбаев ага өз кабинетин өткөрүп берди.


ТЕМА БОЮНЧА: