Бишкектин жанында кыйраган «Боинг-747нин» ордунда эстелик орнотулат

Сүрөт: «24.kg»

2017-жылдын январында Түркиянын жүк ташыган «Боинг-747» учагы кыйраган Дача-СУ кыштагында эстелик орнотуу боюнча иштер башталды.

Дача-СУ кыштагы кирген Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысы Нурболот Мырзакматов «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, эстеликти орнотууну каза болгондордун туугандары менен жабыркагандар негиздеген «Үч периште» коомдук уюму демилгелеген.

Анын айтымында, каза болгондордун туугандары учак кыйраган жерде аллея курууну каалашууда. Мухамметкалый Абулгазиев баштаган өкмөттүк комиссия бул демилгени колдоп, фонддун бюджетине 2 млн 28 миң сом бөлгөн.

Учурда эстелик орнотула турган жерде курулуш иштери башталган. Азырынча монумент кандай болоору жана анын курулушу качан бүтөөрү белгисиз.

«Монументтин курулушу качан бүтөөрү азырынча белгисиз. Мүмкүн демилгечилер буга жеке эсептеринен каражат кошуп калышы мүмкүн, анткени демилгечи катары коомдук уюм болууда. Өкмөт курулуштун бүтөөр мөөнөтүн дагы белгилей албайт», — деди Мырзакматов.

Үстүбүздөгү жылдын 16-январында «Манас» аба майданына жакын Дача-СУ кыштагына «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кыйраган.

Кыйроонун натыйжасында экипаждын мүчөлөрүн кошкондо 39 адам набыт болуп, ондогон турак жайлар талкаланып калган. Кыргызстандын бийлиги келтирилген зыяндын өлчөмүн 186 млн сомго баалаган.

Набыт болгондордун үй-бүлөлөрү менен жабыркагандарга учакка ээлик кылган түрк компаниясы менен Кыргызстандын бийлиги кун төлөп берген. Бирок бийлик жабыркагандардын коопсузугу үчүн төлөнүп берилген кундардын өлчөмүн ачыкташкан эмес.


ТЕМА БОЮНЧА: