Бир нече жыл мурун Кыргызстандын мектептеринде жана жогорку окуу жайларында Билим берүү министрлиги тарабынан сунушталган «Манас» эпосу боюнча окуу китеби жайылтылган. Быйыл Ош облусундагы мугалимдердин бири аталган китепти окуп жатып, Манас менен жубайы Каныкейдин жыныстык катнашынын сүрөттөлүшүн байкап калган.
«Манас таануу» сабагы Кыргызстандын мектептеринде 2011-жылдан тарта пайда боло баштаган. Ал үчүн Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев «Манас» эпосунун кыскартылган вариантын атайын жазып чыккан. Бул вариантты Кыргыз билим берүү академиясындагылар жактырышып, андан кийин Билим берүү министрлиги тарабынан бекитилген. Ал Кыргызстандын мектептеринде жана жогорку окуу жайларында окутулууга сунушталган.
2017-жылы Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы мугалимдердин бири аталган окуу китебинен Манас менен Каныкейдин ортосундагы секс сүрөттөлгөнүн байкаган — бул аталган китеп мектептерде жана окуу жайларда тарагандан алты жыл өткөндөн кийин болууда.
Ал президентке кат менен кайрылып, аталган окуу китебин мектептерден чогултуп алууну талап кылган. Президенттик администрация анын суроо-талабын Билим берүү министрлигине жөнөткөн, андан кийин окуу китебинин текстти деталдуу текшериле башталан.
Мугалимдин президентке кайрылуусуна окуу китебиндеги төмөнкү саптар себеп болгон:
Андан кийин процесстин өзү сүрөттөлө баштайт:
Жакиев сүрөттөөсүн мындай деп бүтүргөн:
Кыргыз билим берүү академиясынын өкүлү Алмаз Токтомамбетов «Клооптун» журналистине курган маегинде билдиргендей, Жакиевдин версиясы боюнча «Манас» эпосу эки ирет: биринчи басылма 2011-жылы, ал эми экинчиси 2015-жылы басылып чыгарылган. Кайрадан басылып чыккан вариантында төшөк мамилесинин сүрөттөлүшү алынып салынган.
«Аталган китеп мектептерге жана жогорку окуу жайларга кошумча окуу китеби болуп саналат. Министрлик жыл сайын мектептерде колдонулуучу китептердин тизмегин бекитет. Бул окуу китеби бекитилген расмий тизмекке эч качан киргизилген эмес», — деди Токтомамбетов.
Анын айтымында, 2011-жылдын август айында окуу китебинин маңызын мамлекеттик тил жана лингводидактика лабораториясы тарабынан бекитилген.
«Биздин адистер өргүүдө. Ооба, ушундай чечим бар. Анда аталган мекеменин мурдагы вице-президенти Байгазиевдин колу коюлган. Биз аталган документ боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүп жатабыз», — деп билдирди ал.
Токтомамбетов мектеп окуу китептеринде «интимдүү мүнөздөгү материалдар» болбошу керектигин мойнуна алды.
«Мындай китептерди студенттер жана чоңдор үчүн өзүнчө жаратуу керек. "2011-жылдагы басылмасында бардык курактагылар үчүн деп жазылган. Ошол учурда биз ката кетиргенбиз», — деп айтты ал.
Анын айтымында, бул басылыш мектептерде жана жогорку окуу жайларда болгон, бирок окуу программасында Манас менен Каныкейдин сексинин сүрөттөлүшү каралган эмес.
«Билесиңерби, аталган жайлар чындыгында эпосто бар. Изилдөөлөр үчүн булардын кереги тийиши мүмкүн. Улуулар үчүн ооба, балдар үчүн эмес […] Бул окумуштуунун ою. Мектепте окутулуп жаткан башка китептерде, мындай саптар жок. Бул аталган чыгарылышта эле болгон», — дейт Токтомамбетов.
Манас менен Каныкейдин интимдик мамилесинин сүрөттөлүшүн коргоп чыккандар да бар — Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев эпоско жаралган кызыгууну «жакшы жышаан» деп атап, андагы саптардын айрым жерлерин үзүп чыгаргандарды «чуу чыгарбоого» чакырды.
«Эпосту жомокчулар ар кандай шартта, ар кандай кырдаалда айтышчу. [...] Кай бир жерлери болсо айтып жаткан кишинин эмоциясына жараша кошулуп, көбүртүлүп-жабыртылып, сүрөттөлүп айтылып кете берген […] Калың элге баатырдык сценалары, кандуу кагылыштар, элдик оюндар, каада-салт сүрөттөлчү», — деп жазып чыкты Каптагаев.
Анын оюнча, калпыс жерлери бар болсо, калың журтка сунушталган вариантын окумуштуулар оңдотуп чыгарышы керек.
Манасчы Дөөлөт Сыдыков «Клооптун» журналистине Бексултан Жакиевдин «Манас» эпосу боюнча жазган версиясын окуй электигин, бирок ал жөнүндө укканын айтты.
«Туура эле деп ойлойм. Ал бар жерлерин кошуп койду да. Болгону мектеп окуучуларынын арасында тарап кетти. Бексултан Жакиевдин жазганы боюнча окуп жатышса, туура эмес болуп калды. Редколлегия деген бар, ошолор алыш керек болчу», — дейт Сыдыков.
Анын оюнча, эпостогу эркек менен аялдын ортосундагы мамиле — «маданияттын маанилүү элементи».
«Бул тууралуу билүү өзү чоң маданият. Бул деген билим. Көпчүлүк ошондон ажырашып жатпайбы? Илгери Саякбай ата да Манастын арбагынан кечирим сурап, чакан чөйрөдө айткан дешет. Ошондо окумуштуулар жаздырып алышкан экен», — деп билдирди Сыдыков.
«Манас» — дүйнөдөгү эң ири эпостордун бири. Ал ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине киргизилген. Ошондой эле, ал Гиннестин рекорддор китебине дүйнөдөгү эң көлөмдүү эпос катары кирген.
Авторлошу: Найзабек Мукамбетов