«Кыргызстанда өспүрүмдөрдү өз жандарын кыюу оюндарына тарткан 22 маалымат катталган»

Башкы прокурор Индира Жолдубаева Санкт-Петербургда ШКУнун жыйынында билдиргендей, Кыргызстанда бийлик сот аркылуу коомдук тармактардагы «өзүн-өзү өлтүрүү» аккаунттары менен топторуна кирүү мүмкүнчүлүктөрүн тосмого алышууда.

Орусиялык «Росбалт» басылмасы билдиргендей, Жолдубаева Санкт-Петербургдагы Шанхай Кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун 15-жыйынында Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында «Көк жаян» оюнунун популярдуулугу жөнүндө билдирген.

Жолдубаеванын айтымында, Кыргызстанда жыл башынан бери өспүрүмдөр тартылып жаткан «өз жанын кыюуга түрткөн оюндар» жөнүндө 20дан ашуун маалымат катталган.

«Үстүбүздөгү жылдын башында Кыргызстанда өспүрүмдөр арасында коомдук тармактардагы өз жанын кыюуга түрткү кылган, анын ичинде "Көк жаян" оюндар популярдуу болгон. Өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга түрткү кылуу жана аларды бул оюндарга тартуу фактылары боюнча 22 маалымат катталган», — деп келтирди Жолдубаеванын сөзүн «Росбалт» басылмасы.

Жолдубаева башкы прокуратура сот аркылуу коомдук тармактардагы мындай топторду тосмого алып жатканын айтты.

Башкы прокуратура февралдын башында эле «жашы жете электерге зыян тийгизген» веб-сайттарды тосмого алуу боюнча арыздарды бере баштаган.

Ал учурда башкы көзөмөл органы тосмого алына турган коомдук тармактар менен сайттардын тизмегин ачыктаган эмес.

Башкы прокуратура өзүнүн маалымат катында «жашы жете электердин руханий, адептүүлүк жана психологиялык ден соолугуна түзөлбөс зыян» келтире турган интернет булактарын тосмого ала баштаарын жазган.

Башкы прокуратура өз аракетин «маалыматтык кооопсуздукту камсыздоо» менен түшүндүргөн.

 


ТЕМА БОЮНЧА: