Депутат Сурабалдиева Жалиловдун аракеттерине укуктук баа берүүнү талап кылды

КСДПнын депутаты Элвира Сурабалдиева акыйкатчы менен укук коргоо органдарын мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун аракеттерине укуктук баа берүүнү талап кылды. Диний ишмер 28-ноябрда өзүнө экинчи аял алгандыгын билдирген.

Сурабалдиева 30-ноябрда парламенттин жыйынында билдиргендей, акыйкатчы менен укук коргоо органдары Жалиловдун үй-бүлөсүн зомбулукка кабылуусуна текшериши керек.

«Мен экинчи аял алып алган Чубак ажынын аракеттерине көңүл буруп, укуктук баа берүүнү суранам. Чубак ажы өзү мойнуна алып жатпайбы аялым кыйналууда деп, бирок ошол эле кезде ал жесир аялга жардам кылам, ошондуктан экинчи жолу үйлөндүм деп айтуу менен өз аракеттерин актап жатат», — деди ал.

Ошондой эле, Сурабалдиева Жалиловдун аракеттерин «коопту үлгү иш» деп атады.

«Элестетсеңер, силердин ар бириңерде кызыңар, эжеңер бар, анан эгерде белгилүү диний ишмер 14 жаштагы үчүнчү аял алгандыгын билдирип, жетимге кам көрүп жатам деп айтса...Эгерде диний ишмерлер бул нерсе менен жамынышса, анда бизге мыйзамдын эмне кереги бар?», — деди Сурабалдиева.

Сурабалдиеваны анын партиядагы кесиптеши Аида Касымалиева дагы колдоп,  өкмөт менен парламент Жалиловдун ачык билдирүүсүнө көңүл бурушу керек деп билдирди.

«Ата Мекендин» депутаты Айсулуу Мамашеванын оюнча, эки аялдуулук Кыргызстандагы эркектердин «сыймыктанчу үлгү иши» болуп калган.

«Эмне үчүн диний ишмерлер бул маселени көтөрүшпөйт, эмне үчүн аялдар менен балдардын алдындагы жоопкерчилик маселесин көтөрүшпөйт? Эки аялдуулук менен үй-чарбасын чогуу жүргүзүү фактылары бар. Бирок эч ким эки аялдуулук үчүн жоопкерчиликке тартылган эмес. Бул биздин эркектердин сыймыктанчу үлгү иши болуп калган», — деди ал.

Мамашованын айтымында, аялдар диний эмес, каржылык түшүнүктөрдөн улам экинчи аял болуп калууга мажбур болушууда.


ТЕМА БОЮНЧА: