Бектур Искендер: Эмне үчүн көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу керек?

Фотосүрөт: Christine Thomas / Flickr
Бектур Искендер

Бул колонка «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендердин жеке пикирин чагылдырат. Анын телеграм каналына бул шилтемеден жазылса болот.

Кыргызстандын мурдагы муфтийи кайрадан өзүнүн билдирүүлөрү үчүн талкуу чордонунда айланууда — бул жолу ал экинчи аял алганын айтып, башка эркектерди дагы ошого үндөгөн.

Жалиловду Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу боюнча айыптап жатышат, «Кылым шамы» укук коргоо уюму прокуратурга арыз берди. Ал эми коомчулук кезектеги жолу бир нече жаатка бөлүнүп калды.

Меникине окшош көз караштары бар адамдарга Жалилов — абдан эле жагымсыз киши, анткени, биринчи кезекте ал өзүнүн үгүттөрү менен абдан көп жек көрүүчүлүктү жайылтууда. Бирок анын көп аялдуулук жөнүндөгү билдирүүсү — менин көз карашыма ылайык, дал ошол үчүн аны жоопкерчиликке тартууга мүмкүн эместигинде жана антип кереги дагы жок. Анткени Кыргызстанда тийиштүү мыйзам бул үчүн абдан эле алсыз жана кудуретсиз.

Кыргызстанда көп аялдуулук Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренеси боюнча жазаланат. Ал абдан кыска жана мындай көрүнөт:

«Эки жана көп аял алуу, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, — эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат».

Бул берененин мүшкүлү андагы түшүнүктөрдүн таптакыр туюктугунда. «Чогуу жашагандык» деген эмне? «Жалпы чарба жүргүзүү» деген эмнени билдирет?

Акыр аягында бул бул эркектерге тийиштүүбү? Анткени текстте бул түз жазылган эмес. Эгерде аял эки же андан көп аялдар менен жашап, алар менен жалпы чарба жүргүзсө — бул дагы мыйзамды бузуу болуп калабы?

Эгерде бала сүйлөшкөн кызы менен жашап, алар батирден бөлмө ижарага алышып, ал эми башка бөлмөнү дагы бир кыз ыжарага алса жана алардын бардыгы жалпы чарба жүргүзүшсө — мунун бардыгы эки кыз менен чогуу жашагандык болуп эсептелинип калабы? Же андай эмеспи?

Же бул чогуу жашагандык болуп эсептелиши үчүн эркек үйдө милдеттүү түрдө эле бардык кыздар менен жыныстык катнашка баруусу керекпи? Бирок бул кантип текшерилет? Эң башкысы — эмне үчүн?

Негизинен 153-берене адамдардын мамилеси темасында укмуштуудай эки ача. Анын ичинде Кыргызстандагы бардык үй-бүлө мыйзамдары дагы — акыр аягында бизде эмнегедир бир эркек менен бир аялдын ортосунда гана никеге турууга болот.

Дал ошол түшүнүктөрдүн чаржайыттыгынан улам Кыргызстанда, мага белгилүү болгондой, эч качан эч кимди КР КЖКнын 153-беренеси боюнча жоопкерчиликке тарта алышкан эмес (мүмкүн ошондой болгону да жакшы).

Эмне кылуу керек?

Эң жөнөкөй. Биринчи эч кандай мааниси жок катары 153-беренени артка кайтаруу керек. Ошентип өлкөдө толугу менен көп полигамия кылмыштуулугунан арылууга болот.

Эгерде кимдир бирөөгө эки аялдуу болуу абдан маанилүү боло турган болсо (башкача айтканда алардын ар бири менен жарандык ал-абалдын актыларын жазуу бөлүмүндө расмий катталса), анда бул нерсени жөн гана тең укуктуулук принцибин пайдалануу жана көп күйөөлүүлүктү дагы мыйзамдаштыруу аркылуу кылса болот.

Эгерде биз көп аял алуучулукту же көп күйөөлүүлүктү легалдаштыра турган болсок, анда элдерге ар кандай гендердик комбинацияда никеге туруугу мүмкүнчүлүк берүү керек.

Эркек эгерде башка эркек менен никеге тургусу келдиби? Буга уруксат берилиши керек.
Аял менен аялчы? Ага дагы.
Эркек эки аял мененчи? Мейли.
Аял үч эркек мененчи? Дурус.
Үя аял жана эки эркек? Эмнеге болбосун.
Жана башка ар кандай комбинацияда.

(Тилекке каршы, кыргыз паспортторунда «Жынысы» графасында «эркек» жана «аял» дегенден башка эч нерсе жазууга мүмкүн эмес, болбосо мен албетте, дагы ар кандай түрлөрдү мисал кетирмекмин.)

Эмне үчүн анык жазалоо керек? Никеге турууга мажбурлоо болгон учурда гана.

Адам урдоо үчүн гана эмес (бул жалпысынан кылмыштуулуктун бүтүндөй бир кучагы, түздөн-түз урдоодон баштап зордуктоого чейин).

Негизинен макулдукка каршы болгон ар кандай никеге туруу же жок дегенде бир (же бирөөсүнүн) никеге айкалышканы үчүн жазалоо керек. Ата-энелер кызды эркине каршы кимдир бирөөнүн колуктусу болууга мажбурлаштыбы? Алар жана ошондой эле, анын жаңы күйөөсү жоопкерчиликке тартылуусу керек.

Албетте, полигамиялык никелер бир гана бардык нике катышуучуларынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен болушу зарыл, антпесе бул принцип жөн гана маанисиз.

Бул жерде Жалиловдо көйгөй жаралууда, анткени биринчи аялы алардын үй-бүлөсүндө дагы бирөө пайда болушуна каршы болгонун ал өзү мойнуна алган.

Чубак Жалилов

Баса никенин бүтүндөй бардык катышуучулары төмөндөгүлөрдү алып туруулары керек: а) юридикалык коргоо; б) бирдей мүлктүк жана башка укуктар.

Башкача айтканда, эгерде никенин катышуучуларынын кимдир бирөөсү кайтыш болсо, калган бардыгы анын же ал аялдын мүлкүнө мураскер болууга тең укуктуу.

Эгерде Кыргызстанда бир гана көп аялдуулукка уруксат берилип, бирок бардык калган моногамдык жана полигамдык никелерге уруксат берилбесе, анда, албетте, биздин Конституция керексиз кагаздардын жыйнагына айланып калат.

Ошондуктан, менин оюмча, эгерде Жалилов көп аялдуулук менен кошо полиандрияны (бул көп күйөөлүүлүк үчүн илимий сөз), бир жыныстуу никелер менен жамааттык үй-бүлөлөрдү үгүттөсө, ал көбүрөөк жолун жолдоочуларга ээ болот. Бул жок эле дегенде акылдуу жана ырааттуу болот. Алга, Чубак ажы!


ТЕМА БОЮНЧА: