Сүрөт: Султан Досалиев / Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Минсктеги ЖККУнун сессиясында 30-ноябрь күнү Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин жолугушуусу болду.

Нурсултан Назарбаев өзүнүн кесиптешин өлкөнүн президенттик кызматына киришүүсү менен куттуктап, ошондой эле, аны расмий сапар менен Казакстанга чакырды. Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков куттуктоолор үчүн Назарбаевге ыраазычылык билдирип, ага ден соолук, ал эми Казакстандын бүткүл элине бакубатчылык каалады.

Президенттер эки тараптуу мамилелер менен анын ичинде кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды талкуулашты.