Милиция Жалиловдун көп аялдулуук боюнча айткандарын текшерүүдө

Мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов

Бишкек ШИИБнен билдиришкендей, мурдагы муфтий Чубай ажы Жалиловдун көп аялдуулук боюнча айткан сөздөрүн текшерүү башталды. Жалилов өзүнө экинчи аял алганын билдирип, башка эркектерди дагы ошондой кылууга чакырган.

Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, текшерүү 29-ноябрь күнү кечинде башталган.

«Кандай учур болбосун, аны азырынча жоопкерчиликке тартуу мүмкүн эмес, анткени арыз жок. Аракеттер жүрүүдө, анткени кече күнү мониторингден кийин мен [Жалиловдун сөздөрүн] басып чыгарып, ШИИБдин тергөө башкармалыгына рапорт менен кайрылгам. Текшерүү уланууда», — деп билдирди басма сөз кызматтын ага инспектору Мира Абдылдаева.

Бүгүн парламенттин жыйынында үч депутат көп аялдуулукка каршы чыгышты. КСДПНнын депутаты Элвира Сурабалдиева укук коргоо органдарын Жалиловдун үй-бүлөсүн зомбулукка кабылууга текшерүүнү талап кылып, ошондой эле, бийликти мурдагы муфтийдин ачык билдирүүлөрүнө көңүл бурууга чакырды.

Мурдагы муфтийдин кош никелиги

Кыргызстандын мурдагы муфтийи Чубак ажы Жалилов өзүнүн YouTubeдагы «Насаат медиа» каналында экинчи аял алганын билдирип, эркектерди дагы ошого барууга үндөгөн.

«Мен үйлөндүм, бирок ажырашкан жокмун. Байбичем бир аз капа болуп жатат. Бирок баары жайына келет деп ойлойм. [...] Үйлөнгөнгө ниетим жок эле, өзүм элге үлгү болуп берейин, эгер мен баштабасам, ким баштайт, деп үйлөндүм. Колунда бар эркектерге үйлөнсүн деп айтам. Эгерде жолдошуңар экинчи аял алганга колунда бар болсо, бир аз ыйлагыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла. Бул биздин элибиздин салтында бар маселе», — деп билдирген ал.

Кыргызстандын мусулмандар диний башкармалыгынан Жалилодун билдирүүсүнө комментарий берүүдөн баш тартышкан.

Анын билдирүүсү укук коргоочулардын катуу сын-пикирлерин жараткан. «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова өзүнүн фейсбук барагында Жалиловдун сөздөрүнө укуктук баа берилиши үчүн Бишкектин прокуратурасына кайрыла тургандыгын жазган.

«Мутакалим» коомдук диний уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызынын айтымында, президенттик аппараттын өкүлдөрү, өкмөттүн аппараты жана парламент Жалиловдун билдирүүсүнө көңүл буруулары керек.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексине ылайык, көп аялдуулук үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.


ТЕМА БОЮНЧА: