Кыргызстандагы адабияттын ролу жана келечеги, өзүнүн эл аралык адабий сынактардагы жеңиши тууралуу Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Султан Раев «Клооптун» студиясында маек курду.
Ток-шоунун жүрүшүнөн кыскача интервью, толугу менен видеодон көрүүгө болот:
«Клооп»: Швециядагы адабий сынак тууралуу малымат бере кетсеңиз?
Султан Раев: Бул катышкан сынак «Эл аралык китеп форуму» деп аталат. Аябай кадыр-барктуу сынак болуп саналат. Бул жолу 40 мамлекеттен 1600 чыгарма катышты. Катышуу үчүн чыгармаларыңды жиберсең да болот. Бул сынакка катышкан чыгармалар англис, немис, испан, француз, орус тилинде болушу керек. Себеби, калыстар ушул тилдерде окуйт. Кыргыз тилинде да берсе болот, бирок куушураак болуп калат. Бул конкурска дүйнөдөгү атактуу жазуучулар менен кошо жаңыдан чыгып келе жаткан жазуучулар да катышса болот. Бул демократиялуу, ачык конкурс. Конкурс «Ири проза», «Кенже проза» андан кийин «Поэзия» деген үч багытта болот. Эксперттер бир жыл бою келип түшкөн чыгармаларды изилдеп, карап 1600дөн 40 чыгарманы кыска тизмеге киргизет. Анын ичинен жетөө ар бир жанр боюнча финалга чыгат. Финалда жети чыгарманын ичинен 1-2-3-орун тандалып алынат. «Адабий форум» чоң-чоң мамлекеттерде болот. Анын менен бирге Кыргызстанда да өткөн. Эң негизги максаты — азыркы болуп жаткан адабиятты изилдеп, жаңы жаралган чыгармаларды дүйнөдөгү окурмандарга которуп жеткирүү болуп эсептелет.
«Клооп»: Эмне себептен сынкка катышуу учун «Топон» чыгармаңызды тандап алдыңыз?
Султан Раев: Мен бул чыгарманы 2012-2014-жылдары жазгам. Сынакка катышкан чыгармалар мурда китеп болуп чыкпашы керек. Ошол себептен «Топон» романын тандап алдым.
«Клооп»: Калыстар тобунун курамына кимдер кирген? Ийгиликке жеткен чыгармалар кандай жол менен тандалып алынды?
Султан Раев: Эксперттер пикирлерин жазма түрүндө билдирет. Ошол себептен сынактагы эксперттердин ким экенин, кандай экенин билбейсиң. Өздөрү баллдык системада тандап, жыйынтыгын чыгарат. Чыгарылган жыйынтыкты уюштуруу комитетине берет.
«Клооп»: Романдагы эң негизги идея, андагы жаңычылдык деп эсептелген нерсе эмне?
Султан Раев: Чыгарманын идеясы учурда дүйнө жүзүндө болуп жаткан чоң маселелерге багытталган. Бул чыгармада глобалдуу тема каралган. Топон деген табигый катаклизм эмес, адамдын жан дүйнөсүнүн апааты. Бул чыгарма адамдын ички руханий баалуулугу тууралуу жана ыймандык категориясын көздөгөн. Эгер ошондой топон каптай турган болсо, ал ар бир адамдын жүрөгүнөн башталат. Адам адамдык табияты, натурасынан чыгып кеткенде ошондой апаат болот. Чыгарманын акырында бир үй-бүлө адамзат тукумун сактап калуу маселеси менен калат. Бирок алар сактай албайт. Себеби адамдык сапат, касиет, сезим денесинен алманын ширесиндей сыгылып, жөн гана сөңгөгү калган. Ошол себептен адамдын тукумун сактай алышпайт. Ошол чыгарманын айтайын деген ою жаңычылдыкты түзөт.
«Клооп»: Кыргызстандын дүйнө адабиятындагы ээлеген орду кандай?
Султан Раев: Биз бир гана Чыңгыз Айтматовдун мисалында айтышыбыз мүмкүн. Себеби дүйнө адабияты дарак болсо, Айтматовдун адабияты ошол дарактагы маанилүү руханий бутагынын бири. Жазган чыгармалары менен чоң орунга ээ болгон өзүнчө бир феномен десек болот. Кыргыздын башка жазуучуларынын деле чыгармалары бар. Аларды деле дүйнөгө таанытышыбыз керек эле. Бирок алардын бир трагедиясы болуп калды. Ошол кыргызча оригиналынын деңгээлиндей которулуп, башка тилдүү окурмандарга жетпей калды.
«Клооп»: Кыргызстанда адабияттын орду кандай?
Султан Раев: Адабияттын кыргыз коому туурасында айта турган болсом, окурмандар окурмандык деңгээлин жоготуп алды. Китептер аз окулуп калды. Эң башкысы көркөм адабиятка болгон кызыгуусу төмөн түшүп кетти. Учурда дөөлөт багыты өзгөрдү. Материалдык дүйнө биринчи багытка чыкты да, руханий дүйнө экинчи планга түшүп калды. Экономика оңолгондо сөзсүз руханий булакка, башатка да кайрылабыз. Себеби адам бир гана нан менен жашабайт. Эң чоң азык — руханий азык. Адам руханий байымайын, мезгил да, коом да, мамлекет да, оңолбойт, тазарбайт. Адабият бардык өнөрдүн, өнүгүүнүн башаты болушу керек. Көпчүлүк Европа мамлекеттеринде окуу маданияты жогору турат. Жөн эле метродо, унаада баары окушат. Бул маданият, турмуштун нормасы болуп калганган. Биз да ошол аң сезимге жетишибиз керек.
Алып баруучулар Айсулуу Эркинбекова, Найзабек Мукамбетов