Мотуевди жатак-абагынан күчөтүлгөн тартиптеги абакка которушту

«Жоомарт» патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуевди «бир нече жолку» эреже бузуулар үчүн жатак-абагынан күчөтүлгөн тартиптеги абакка которушту. Мотуев күчөтүлгөн тартиптеги абакта бир жыл болот.

Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматынан «Клооптун» кабарчысына билдиришкендей, которууга «бир нече жолку ар кандай эреже бузуулар» себеп болгон, бирок так кайсылар экенин тактап беришкен жок.

Сентябрда МЖАКтын өкүлү Таалайбек Жапаров Мотуев №32 абакта жаза өтөө мөөнөтүнүн тартиптерин бузуп жатканын билдирген.

Мотуев абакта келишимдик негизде мөөнөтүн өтөшү керек болчу — Абактын жетекчилиги ал менен келишимге кол койгон, ага ылайык соттолгон адам камакта отурбай эле койсо болот.

Мотуев абакка бир жумада бир келип каттоодон өтүп турушу керек. Келишим боюнча ал иштей берсе болот, бирок кирешесинин 20 пайызын абактын бюджетине которушу керек.

Жапаров билдиргендей, Мотуев бир нече жолу кол коюлган келишимдин шарттарын бузган — абакка көрсөтүлгөн убакта келип турган эмес.

Сентябрда МЖАК №32 түзөтүү жатак-абагын текшере баштаган. Текшерүүгө түзөөтүү абактардагы коррупция учурлары боюнча билдирген соттолгон активисттин өзүнүн кайрылуусу себеп болгон.

Мотуев өзүнүн фейсбук барагында колониядагы болуп жаткандарды сүрөттөп, аны «мыйзамсыздык» деп атаган.

Негизинен активист абактын аймагына дайыма түрмөнүн начальниги Тимур Анаркуловдун «достору келип» азык түлүктөр менен эмеректерди жүктөп кетип турушканын билдирген.

«Наарызылыктарын билдиргендерди Анаркулов 15 суткага изоляторго жөнөтөт», — деп жазган Мотуев.

Мотуевдин айтымында, Анаркулов жеке өзү соттолгондор менен абактын кызматкерлерине кол көтөрчү.

Анда МЖАКтын төрагасы Таалайбек Жапаров мекеменин коллегиясы Мотуевдин фейсбуктагы кайрылуусунан кийин абактын кызматкерлери менен начальнигин текшере башташканын билдирген.

Сот Мотуевди 2017-жылдын августунун аягында «Террористтик ишмердикке ачык үгүттөө» жана «Улуттар аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапкан.

Соттун чечимине ылайык, Мотуев жатак-абагына жети жылга эркинен ажыратылган.

Мындан тышкары, Мотуевге саясат менен алектенүүгө үч жылга тыюу салышкан.


ТЕМА БОЮНЧА: