Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 800 миң доллар бөлөт

Парламенттин комитети Дүйнөлүк банктан грант алуу боюнча эки мыйзам долбоорун жактырды. Бийлик бул каражатка ачык маалыматтарды өнүктүрүп, IT-адистерди окутууну пландап жатат.

Парламенттик комитет 5-декабрда грант алуу боюнча мыйзам долбоорлорун жактырды.

Документтерге ылайык, Кыргызстан Дүйнөлүк банктан жалпы өлчөмү 800 миң долларды түзгөн эки грант алат.

450 миң долларды түзгөн биринчи грантты телекоммуникациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ачык маалыматтар порталын түзүүгө жана мамлекеттик сайттардын ишин жакшыртууга пайдаланышат.

350 миң долларды түзгөн экинчи грантты консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрү менен IT-адистерди окутууга жумшашат. Ошол эле учурда консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүнө 303 миң доллар каралган.

Кыргызстандын бийлиги келишимди 2018-жылдын январь айынын ортосуна чейин ратификациялашы керек.


ТЕМА БОЮНЧА: