Көк бөрү ЮНЕСКОнун тизмесине кирди

Көк бөрү боюнча улуттук ат оюну

Кыргызстандын билдирмесин Түштүк Кореянын Чежу шаарында өтүп жаткан адамзаттын маданий эмес материалдык мурастарын коргоо боюнча 12-сессиясында карашты.

Улуттук ат оюну 7-декабрда комитеттин жыйынында тизмекке кирген.

Кыргызстандан тышкары тизмеге асык-ата улуттук оюну менен Казакстан, ошондой эле Азербайжан улуттук долма тамак-ашынын рецеби боюнча билдирмесин тапшырган.

Бул адамзаттын маданий эмес материалдык мурастарын коргоо боюнча өкмөттөр аралык комитеттин 12-жыйыны. Алты күндүн аралыгында комитеттин 24 мүчөсү дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн үрп-адат, каада-салттары кабылып жаткан көйгөйлөрдү талкуулашат.

ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарын коргоо боюнча конвенция 2003-жылы кабыл алынган. Мурдараак Кыргызстан тараптан бул тизмекке акындык өнөрү, «Манас» эпосу киргизилген. Ал эми 2014-жылы боз-үй Казакстан менен биргеликте киргизилген.


ТЕМА БОЮНЧА: