Абдрахматова БШКнын башчысынын орун басарлыгынан алынды

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү Атыр Абдрахматованы мекеменин жетекчисинин орун басарлыгынан четтетүү үчүн добуш беришти. Президенттик шайлоодон кийин Абдрахматова БШК тарабынан мыйзам бузуу болгонун билдирип, корутунду токтомго кол коюудан баш тарткан.

БШКнын мүчөлөрү комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабековага кайрылып, кесиптеши Атыр Абдрахматованы орун басарлык кызматтан алууну талап кылышкан. Алардын арызында Абдрахматова «системалык түрдө жана алдын ала атайылап комиссиянын ишмердүүлүгүн каралап жатат».

«Абдрахматова, өзүнүн кызмат абалынан пайдаланып, БШК аппаратынын кызматкерлерине басым жасап, коркутуп, муну менен чыңалган кырдаал жараткан», — делет арызда.

Ошондой эле БШКнын мүчөлөрү Абдрахматованы белгилүү бир маселелер боюнча комиссиянын ишине «бөгөт коюу» боюнча айыпташкан.

«БШКнын атынан макулдашылбаган анын жеке иш-аракеттери комиссияга болгон ишенимди кетирип, ачык эле мекеменин ишине жана беделине залакасын тийгизген», — деп эсептешет БШКнын мүчөлөрү.

Жыйынтыгында комиссиянын сегиз мүчөсү аны төрайымдын орун басары кызматынан четтетүү үчүн добуш беришкен.

Каршы деп Назарали Арипов менен Абдрахматова өзү добуш беришкен. Елена Жылкычыева менен Гүлнара Жоробаева отурумга катышкан эмес.

Абдрахматованы БШКга оппозициялык «Республика — Ата-Журт» фракциясы көрсөткөн.

Атыр Абдрахматова — президенттик шайлоодон кийин чыгарылган БШКнын жыйынтыктоочу токтомуна кол койбой койгон эки кызматкердин бири. Жыйынтыктоочу отурумда ал өзүнүн өзгөчө пикирин билдирген.

Комментарий алуу үчүн Абдрахматова менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.


ТЕМА БОЮНЧА: