Ош: 10-класстын окуучусу көз жарып, милиция ымыркайдын атасын издеп жатат

Иллюстративдүү сүрөт.

Ош облусунун Ноокат районундагы мектептердин биринде 10-класста окуган кыздын ара төрөлгөн ымыркайы төрөт учурунда чарчап калды. Ош милициясы ымыркайдын атасынын тек-жайын аныктап жатат.

Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Клоопко» курган маегинде билдиргендей, милиция иштин чоо-жайын аныктап жатат.

«Бизге иштин материалдарын мурдагы күнү беришти. Азыр биздин кызматкерлер ымыркайдын атасынын өздүгүн тактоонун үстүндө иштеп жатышат. Ымыркай айына жетпей, алты айлык кезинде төрөлгөндүктөн, жарыкка келээри менен каза тапкан. Жалпысынан алганда, мунун баары кандай болгондугун кылдат текшерүү керек», — деди ал.

Мектеп окуучусун Ноокат райондук ооруканасына 5-декабрда алты айлык боюнда бар кезинде алып келишип, төрөт эрте башталып, бала чарчап калган.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, кыз апасы, чоң энеси жана чоң атасы менен жашайт. Кыздын атасы эки жылдан бери Орусияда иштейт.

Мектептегилер октябрь айында медициналык кароодон өткөргөндүгүнө карабай окуучунун кош бойлуу экендигин билишкен эмес.

«Ал жалаң беш жана төрт деген бааларга окуйт. Мектептин окуудан сырткаркы иштерине активдүү катышат. Эч качан сабакты калтырбаган окуучу. 30-ноябрь жана 1-декабрда гана мектепке келген эмес. Апасынын айтымында, ал өзүн жакшы сезбей жаткан. Бирок ошондон кийин ал адаттагыдай эле сабактарга катышып жүргөн», — дешет анын мугалимдери.

2017-жылдын сентябрында Таласта 7-класстын окуучу төрөп, ымыркайдын атасына жашы жете элек кызды азгыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон. Октябрь айында Чүй облусунда ушундай эле окуя катталып, анда 7-класстын окуучусунун баласынын атасына дагы кылмыш иши козголгон.

Балдардын укугун коргоо лигасынын маалыматы боюнча, 2017-жылы Кыргызстанда жашы жетек электердин кош бойлуулугу боюнча 900 учур катталган.


ТЕМА БОЮНЧА: