Баткенде Тажикстандан мыйзамсыз алынып келинген тамеки табылды

Кыргызстандын Бажы кызматы Баткен облусунун Кызыл-Жол айылында Тажикстандын акциздик маркасы коюлган тамекилерди мыйзамсыз ташып бараткан айдоочуну кармады.

Мамлекеттик бажы кызматынын жумушчулары Исфана-Баткен каттамы менен бараткан «Мерседес Бенц 416» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусун токтотушкан.

Бажы кызматкерлери жүк ташуучу унааны текшерүүгө алып, 190 жүзүм кутусунун астына катылган «LM», «KENT», «Winston» маркасындагы 15 куту тамекини табышкан.

Кармалган товардын жалпы баасы 428 миң сомду түзгөнүн бажы кызматынан «Клоопко» кабарлашты.

Мамлекеттик мекеменин билдиришинче, аталган товар Тажикстандан ЕАЭБдин аймагына бажы көзөмөлүсүз киргизилген. Иштин материалдары Ош облустук прокуратурага өткөрүлүп берилди.