Бишкек шаарында Жаңы жылга карата 11 килограмм салмактагы балаты-момпосуй таратылды. Узуну бир жарым метрлик таттууну үч киши үч саатта жасашкан. Уюштуруулар мындай чоң момпосуй Кыргызстанда биринчи жолу жасалып жатканын айтышат.

Майрамдык иш-чара 9-декабрда болуп өттү. Аны «Soocre» кондитердик азыктарды жасаган ишкана уюштуруп, ага жалпы 100гө чукул балдар ата-энелери менен катышты. Салмагы 11 кг, узуну 1 жарым метр, ал эми туурасы 45 см ди түзгөн момпосуй арча сымал формада жасалган.

Ишкананын технолог-кондитери Герасим Инкама мындай чоң салмактагы момпосуй Кыргызстанда биринчи жолу даярдалганын билдирди.

«Биз Кыргызстанда рекорд кылып, эң чоң момпосуй жасадык. Балаты формасындагы таттууну үч киши үч сааттан ашык убаккытта даярдады. Апельсин даамданган момпосуйдун курамына суу, карамель, глюкоза шекери, лимон кислотасы, боёк жана жыпар жыт берүүчү заттар кошулган», — деди Инкама.