Депутат мектептерде кыска юбка, тытык шым кийүүгө тыюу салууну сунуштоодо

«Республика — Ата-Журт» парламенттик фракциясынын депутаты Махабат Мавлянова мектептерде кыска юбка жана тытык жынсыларга тыюу салууну сунуштады. Мындан тышкары, Мавлянова окуу учурунда смартфондорду колдонууга дагы тыюу киргизиш керек деп эсептейт.

Мавлянова парламенттин токтомунун долбоорун 12-декабрда коомдук талкууга чыгарды.

Негизинен депутат 1-класстан 11-класстын окуучуларына мектептерде кыска, чытырайган юбкаларды, ошондой эле, «көзгө урунган» макияж жана узун тырмактуу маникюрларга тыюу салууну сунуштап жатат.

Балдар үчүн жыртык жынсыны жана «алагды кылган сүрөттүү» футболкаларды кийип мектепке барууга тыюу салуу сунушталууда. Бирок документте так кайсыл сүрөттөр «алагды» кылат деп эсептеле турганы ачыкталган эмес.

«Мектеп курагындагы балдардын өздөрүнүн сырткы көрүнүшүнө өзгөчө бушайманга түшүшү алардын психикалык абалына таасир этет деп эсептейбиз», — деп айтылган токтомдун маалымкат-негиздемесинде.

Мавлянованын оюнча, жаңы эрежелер окуучулардын «жогорку адеп-ахлактык нормаларын», ошондой эле, аларды интернетте «зомбулук менен ырайымсыздык маданиятынан коргоого» жардам берет.

«Сырткы көрүнүшү боюнча чектөөнүн, ата-энелер тарабынан кийиндирүүнүн так эрежелеринин жана нормаларынын жоктугу балдар ортосунда өздөрүнүн билими жана жетишкендиги боюнча эмес, тескерисинче кымбат кийимдери, техникалары жана үй-бүлөнүн бакубаттуулугу менен атаандаштыкты жаратып келет», — деп ырастаган депутат маалымкат-негиздемеде.

Мавлянова окуучулардын сырткы көрүнүшүн көзөмөлдөөнү күчөтүүдөн тышкары мектеп окуучулары үчүн смартфондорду колдонууга тыюу салууну дагы сунуш кылды.

Депутат окуучуларга фото жана видеокамера, ошондой эле, интернет-модулдары жок «чалуулар/жооптор/sms» деген фукциялуу аппараттарды гана колдонууга уруксат берүү керек деп эсептейт.

Депутаттын пикиринде, окуучулар өз телефондорун мектептин аймагына кирүүдө жооптуу сактоого бере алышат.

«Телефондун сакталышы үчүн жоопкерчилик анын ээсине (ата-энелерине, ээсинин мыйзамдуу өкүлдөрүнө) гана тиешелүү болоору белгиленсин», — деп айтылган токтомдо.

Депутат эгерде окуучулар сунушталып жаткан жоболор менен талаптарды аткарышпаса мугалимдерди жумуштан алууга чейин тартиптик-жаза жоопкерчилигине тартууну сунуштоодо.

Мектеп формасы

Билим берүү министрлиги 2015-жылы мугалимдер менен окуучулар үчүн милдеттүү мектеп формасын киргизүүгө аракет кылган. Аталган мекемедегилер форма окуучулар арасында «социалдык теңсиздикти» жоюуга жардам берет деп эсептешкен.

Бирок сын-пикирлер менен коомдук талкуудан кийин бул сунун четке кагылып, билим берүү министрлиги жөн гана мектеп формасы үчүн стандарт иштеп чыккан.

Учурда мектеп администрациясы ата-энелер менен биргеликте билим берүү министрлигинин стандартына таянып, окуучулар кайсы форманы кийише тургандыктарын өздөрү чечишет.


ТЕМА БОЮНЧА: