Сүрөт: Айтматов тирүү болгондо 89 жашка чыкмак

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата, 12-декабрда анын үй музейинде ачык эшик күнү уюштурулду. Айтматов тирүү болгондо 89 жашка чыкмак.

Ачык эшик күнүнө келгендердин көпчүлүгүн студенттер түздү. Ошондой эле келгендердин арасында театрда эмгектенгендер, жөнөкөй жарандар жана туристтер да бар. Бул иш-чара бир жылда эки ирет өткөрүлүп келет. Үй музейи эки кабаттан туруп, алгачкы жолу 2014-жылдын 7-апрелинде эшигин ачкан.

Авторлошу: Найзабек Мукамбетов