Зилалиев УКМКга суракка чакырылды

ММБФнын мурдагы башчысы Дүйшөнбек Зилалиев

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун башчысы Дүйшөнбек Зилалиевди УКМКга суракка чакырышты. Ал инаугурация күнү президенттин кортежи өткөн жолдо бомба коюлду деген маалыматка байланыштуу шектелип жатат. Зилалиев өзү ал инаугурация күнү коюлган бомба жөнүндө билдиргенин «карандай калп» деп атаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз катчысы Рахат Сулайманов «Клооптун» кабарчысына курган маегинде билдиргендей, Зилалиевди суракка чакырышкан. Азырынча аткаминердин тергөөчү менен качан аңгемелеше турганы белгисиз.

Буга чейин УКМК президенттин инаугурациясы күнүндө бомба тууралуу жалган маалымат үчүн кылмыш ишин козгогон.

УКМКнын маалыматына ылайык, курсант бомба жаңы президент Сооронбай Жээнбековдун кортежи өтө турган Москва көчөсү менен Айтматов проспектисинде коюлганын билдирген.

«ИИМ академиясынын курсантынын билдиргенине караганда, жардыруучу зат тууралуу маалымат берген адам ыктымал Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев болуп чыгып жатат», — деп билдирген Сулайманов.

Ал эми Зилалиев өзү ал инаугурация күнү коюлган бомба жөнүндө билдиргенин «карандай калп» деп атаган.

«Биз чын эле жолдо кетип бара жатканбыз. Курсант кыздын бирөөсүнө эскерүү бергеним эсимде. Мен ага форма жараша тургандыгын, бирок кемчиликти жоюу керектигин айткам. Эгерде ал бул нерсеге капа болуп калса кечирим сурайм. Чындагында эле ал ошол үчүн эле бомба жөнүндө ойлоп таптыбы? Мен эскертме беришим керек болчу», — деген ал.

Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өткөн.


ТЕМА БОЮНЧА: